super.kg logo

Жактоочу: "Бир тууган Жээнбековдор соттук процесске келбей, сотту жана башка катышуучуларды сыйлабастыгын көрсөттү"

 

Жогорку Сотто Ош ОИИБинин мурдагы жектекчиси Абдылда Капаров мурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго жана анын иниси Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековго каршы моралдык зыян келтирүү боюнча өкүмүнө даттанууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочу Майрамбек Жумабеков билдирди.

Соттук коллегия материалдын ишин 16-декабрда караган. "Сот отурумуна жабырлануучу катары чакырылган Сооронбай Жээнбеков менен Асылбек Жээнбеков же алардын өкүлдөрү келген жок", - дейт Капаровдун жактоочусу Майрамбек Жумабеков.

"Алар мындай кадамы менен сотту жана процесстин башка катышуучуларын сыйлабастыгын көрсөттү. Биз аларды биздин жакталуучу Капаровдон кандай жабыр тартканын айтып берүү үчүн чакырганбыз" , - дейт. Жумабеков.

Буга чейин Абдылда Капаровдун иши боюнча маалыматты Жогорку Сот берген.

Окуянын чоо-жайы:

2010-жылы Капаров ал кездеги Ош облустук администрациясын жетектеп турган Сооронбай Жээнбековду 3 миллион долларды өзүнө ыйгарып алды деген маалыматы үчүн жоопкерчиликке тартылган. Анда Капаровго карата "Кылмыш жасалгандыгы тууралуу атайылап жалган билдирүү жасоо", "Этностор аралык, расалык, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал эми 2017-жылы Абдылда Капаров бир тууган Жээнбековдорго моралдык зыян келтиргени үчүн төлөп берүүгө милдеттендирилген 250 миң сомго жакын каражатты төлөп бербегени үчүн кайрадан соттолгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
18.12.2020. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Буларды кустуруп камагыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: