super.kg logo

Тилек Токтогазиев: "Медицинадагы шалаакылыктан атам баш болгон бир нече жакын адамдарымдан айрылып калдым"

 

Дарыгерлер таптакыр тийбей койсо атам азыр тирүү болмок. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда билдирди.

Анын пикиринде, атасы медицина кызматкерлеринин туура эмес мамилесинен улам каза болгон.

"Атам бул жылы туура эмес медицинадан каза болду. Ага 3 жолу медициналык процедура жасалды. Дарыгерлер таптакыр тийбей койсо атам азыр тирүү болмок. Коркутуп, тез арада операция жасаш керек дешкен. Көрсө атама андай операция жасаганга болбойт экен. Муну кийин мага Түркиядан айтышты. "Эгерде андай операция Түркиядан жасалса, аны жасаган дарыгер камалмак" дешти. Атамдын карындашы айылда ооруканага кайрылса анын дартын аныктай алышпаптыр. Бөйрөгү иштебей калганын билбей жүрүптүр. Бишкекке келип гемодиализ алганча өпкөсүнө суу толуп каза болуп калды. Атамдын иниси аварияга туш болуп, жакшы операция кылдыра албай 7 жыл кыйналып жүрүп ал дагы каза болду. Ошол агамдын кызы ошол эле айылдагы ооруканага барса дарыгерлер сасык тумоо болуп калыпсың дешиптир. Бирок ал менингит болуп 3-4 күндөн кийин дүйнө салды. Айылга бардым, жогоруда айтып кеткен туугандарыбыздын көрүстөндөрү катарынан жатат. Тирүү турган туугандарымды көргөндө биз ушинтип эле азайып кете бербей чогуу күрөшүп, ушул системаны талкалап, жакшы нукка салып кетишибиз керек деген ой келет", - деди Токтогазиев.






Тилек Токтогазиев: “Душмандарым көп болот, спортсмендер келип коркута башташты“

Автор: Жылдыз Джускембаев, Бактыгүл Султаналиева, Бекболот Сарыбаев
Оператор: Айбек Алимов, Равшан Тойчиев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
19.12.2020. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Туура дарыгерлер шалаакы корупцинер
20.12.2020. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Туура айтасыңар жакында эле буту менен басып кирген эжемди бир заматта өлтүрүп колубузга салып беришти
20.12.2020. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Медицина окуу жайларында корупцияны жоюш керек, акчанын кучу менен окугандар бар, кантип ошолор кийин врач болсун
20.12.2020. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Дарыгерлердин дарысынан да жакшы мамиле кылса сакайгандай болосуң.Кагып-силкип турса өлгөнүң ошол...
20.12.2020. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Baktyluu_bolgum_kelet,Туура,бир нерсе сурайын десең,кагып силкип жооп беришет.Кайсы бөлүм каякта экенин айтып беришпейт.Жаныңдан өтүп баратып,угуп калган жарандар айта коюшат.Жайында эжемди больницага жаткызайлы деп,чуркаганда чарчадык,биздин медиктердин орой мамилесинен.
SUPER.KG видео
21.12.2020. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ неге коюп туруп удалить этип мсаласынар экинчи жолу корууго мумкунчулук жок же слабый телефон болсо корсотпойт силер бай болсонор да элдин баарында жок да силер жуктогон видеону коруу учун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: