super.kg logo

Нарындагы Солтон-Сары алтын кенин басып алууга аракеттер болду

 

20га чукул адам Солтон-Сары алтын кенин басып алууга аракет кылышкан. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдирди.

"Нарын РИИБине Нарын районунун Солтон-Сары участкасында 20га чукул адам топтолуп турат деген билдирүү келип түшкөн. Алардын талабы ушул жерди иштетүүгө беришсин, биз жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн күтөбүз, келишсин деген талаптарды коюшкан.

Бул факты Нарын РИИБи тарабынан каттоого алынып, ыкчам тергөө тобу жеринде териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат", - деп билдирди маалымат кызматы.

Учурда ал жерге барган жарандар тарап кетишкендигин, тартип бузуу болгон эместигин кошумчалады. Эгерде мыйзам бузуулар аныкталса мыйзам чегинде чара көрүлөөрү, тергөө иликтөө иштеринен кошумча маалымат болсо берилип тураарын айтышты.

Эске салсак, былтыр 3-августта Солтон-Сарыдагы алтын кенин иштеткен "Жоңжи майниң" ("Zhong Ji Mining") кытай компаниясы менен жергиликтүү тургундардын ортосунда пикир келишпестик чыккан.

Кийин чыр уланып, 500дөн ашык адам чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык "Zhong Ji Mining" компаниясына барган. Алар компаниянын кызматкерлерин кендин аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылышкан болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: