Жалал-Абадда белгисиз адам тарабынан "Тазалык" ишканасынын кызматкери сабалды

Бүгүн, 24-декабрь күнү "Жалал-Абад Тазалык" ишканасынын кызматкери Маргуба Хакимова эртең менен белгисиз адам тарабынан сабалган. Таш менен ур-соккуга алган эркек киши милиция кызматкерлери келгенге чейин качып кеткен. Хакимованын чогуу иштеген кесиптештери милиция чакырып, укук коргоочулар жабырлануучудан көрсөтмө алып ооруканага жиберишкен.
Учурда жабырлануучу облустук ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө. Анын айтымында башынан жаракат алып, кан басымы көтөрүлгөн. Ал эми бети канжалап, оор соккудан улам көзү ачылбай калган.
Маргуба Хакимованын айтымында ал ооруканада жаткан учурда ага белгисиз номерден тергөөчүмүн деп телефон чалган. Өзүн укук коргоо кызматкери деп тааныштырган жаран жабырлануучуну “тааныбаган адамдын үстүнөн эмнеге кайрыласыз, аны биз кайдан табабыз” – деп айыптап телефонду өчүргөн.
"Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгы жогорудагы окуянын чын-төгүнүн тактап, өзүн тергөөчүмүн деп чалган адамды аныктап, анын аракетине баа берилиши керек деп эсептейт. Ал эми тазалык кызматкерин сабаган жаран да жакынкы күндөрдө табылып, мыйзам чегинде жазага тартылышын күтөбүз", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
bessmertiy

24.12.2020. 18:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Колуң сынгыр акмак экен ким болсо да.
KGZ-RUS

25.12.2020. 21:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кочону шыпырса арзыбаган акчага рахматы ушу экенда колу сынгыр
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.