super.kg logo

Жалал-Абадда нарктык баасы 15 миллион 662 миң сомду түзгөн бала бакчанын имараты муниципалдык менчикке кайтарылды

 

Сузак райондук прокуратурасы 140 орундуу бала бакчанын имараты муниципалдык менчикке кайтарды. Бул тууралуу аталган Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук мамлекеттик мүлк фондунун мыйзамсыз токтому аркылуу 140 орундуу, эки кабаттуу бала бакча 74 гектар жер аянты менен "Жүзүм-Шарап" акционердик коомуна менчиктештирилгендигин райондук прокуратура аныктаган. Аталган мыйзамсыз токтомдун негизинде Ленин айыл өкмөтүнүн буйругу кошумча кабыл алынган. Сузак райондук мамлектеттик каттоо башкармалыгы тарабынан жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик акты берилген.

"140 орундуу бала бакчанын нарктык баасы 15 миллион 662 миң сомду түзөрү текшерүүдө аныкталып, Сузак райондук прокуратурасы сотко доо арыз менен кайрылган. Анда жогоруда белгиленген социалдык багыттагы объектини менчиктештирүү туурасында кабыл алынган бардык чечимдерди жокко чыгарууну демилгелеген. Соттук кароонун жыйынтыгы менен доо арыз толук көлөмүндө канааттандырылып, менчиктештирүү жөнүндөгү чечимдер жараксыз деп табылып, бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылган", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: