super.kg logo

Чоң-Алайда рулга ээ боло албай унаадан кулап түшүп, каза болгон айдоочунун окуясынын чоо-жайы

 

Ош облусунун Чон-Алай районунда айдоочу рулга ээ боло албай унаадан кулап түшүп, каза болгон окуя боюнча Ош ОИИБинин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, 25-декабрь күнү саат 02:50 чамасында Чоң-Алай РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө жол кырсыгы болгондугу боюнча маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге Өзгөн РИИБинин жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу чыгып төмөнкүлөрдү аныкташкан. Анда Жаш-Тилек айылынын унаа жолунда ошол айылдын 54 жаштагы тургуну H.Ш. жүк жүктөөчү тракторун башкарып бара жатып, жолдун тайгактыгынан тайып, рулду башкара албай жолдун түштүк тарабына оодарылып кеткен. Натыйжада айдоочу окуя болгон жерде каза болгон.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тарабынан кароо жүргүзүлүп, маркумдун туугандары соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
25.12.2020. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чон Алайда болсо кандайча Озгон РИИБи барып калат
25.12.2020. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bakyt2020,Озгонго жакын жери бар болушу мумкун
25.12.2020. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чоң алайдын Өзгөнгө жакын жери жок да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: