super.kg logo

Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын кароо башка күнгө жылдырылды

 

Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын кароо башка күнгө жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда SUPER.KG порталы анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

"Бүгүн Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси Бишкек шаардык сотто каралбай калды. Себеби ал киши СИЗОдон сотко алынып келинбептир. Мыйзамга ылайык, Ниязов соттук отурумда катышышы керек. Коронавируска байланыштуу СИЗОдон кишилерди алып чыкпай жатышкан экен. Мындан улам соттук отурум 28-декабрь саат 14:00дө өтө турган болду", - деди ал.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов Биринчи Май райондук соттун чечими менен 10-февралга чейин камакта калтырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: