super.kg logo

Ошто жактоочу пара алып жаткан жеринен кармалды

 

Ошто жактоочу пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан бүгүн, 25-декабрда кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 24-декабрда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-берененин 2-бөлүмү (пара талап кылуу) менен катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Ош облусундагы Өзгөн районунда талап кылган акча каражатынын бир бөлүгүн (40 миң сом) алып жаткан жеринен А.К. аттуу жактоочу кармалды.

"Кармалган жактоочу мүлк талашына байланыштуу жарандык иш боюнча маселени оң жагына чечип берүү максатында Өзгөн райондук сотунун судьясына берүү үчүн 120 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган соттун катыштыгын аныктоо боюнча тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - дешти мекемеден.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: