super.kg logo

Башкы прокуратура "Манас" аэропортунун жетекчилиги бюджетке 65 миллион сомдон ашык зыян келтиргенин аныктады

 

«Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому менен чет элдик компания ортосунда мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталды. Мындай маалымат Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тарабынан кабарланды.

"Аэропорттун жетекчилиги 2018-2020-жылдар аралыгында 16 сынакка төрт чет элдик компаниянын уюштуруучусу болуп саналган А.Ш. аттуу жаран менен мыйзамсыз келишимдерди түзгөн.

Анын ичинде алардын аффилирленген компаниялары да болуп, алар кымбат баадагы 430 миллион 617 миң 935 сомдук товарларды (атайын техникалар менен жабдуулар) алып келүүгө катышкан.

Кээ бир товарларды сатып алууну пландаштыруу этабында бааларга тийиштүү мониторинг жасалбай, өндүрүштүк муктаждыгын эске албастан сатып алынуучу товардын бааларын негизсиз жогорулатып коюшкан.

Аэропорттун жетекчилиги өздөрүнө ыйгарылган укуктардан ашыкча пайдалануу менен мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келген, жеке кызыкчылыктардын негизинде пайда табуу максатында сынакты өткөрүү тартибин, мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамдын талаптарын одоно бузуу менен кымбат баалуу атайын техникаларды жана жабдууларды жогорулатылган баада сатып алууга келишим түзүшүп, мамлекетке 65 миллион 170 миң 226 сом зыян келтирилген.

Чогулган материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 233-берене (Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу), 234-берене (Ачык тооруктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу) менен катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталды", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: