"Студент болгондон бери эле алып келет". Ырчы Нурчолпон президенттик стипендия алды
25-декабрда өлкөнүн 70 мыкты студентине президенттин стипендиясы тапшырылды. Мыкты делген студенттердин катарында сахнада өз орду бар, өзгөчө үндүү ырчы Нурчолпон да бар.
Ырчы Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын композиция бөлүмүндө 4-курста билим алат. Мугалими Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү композитору Мурат Акимович Бегалиев.
Нурчолпон буга чейин Мураталы Күреңкеев атындагы музыкалык училищеде билим алып, президенттик стипендияны ошондон бери алып келет. Аталган окуу жайдан эки кесип боюнча билимге ээ болуп, 2 кызыл дипломду колуна алган.
"Эң мыкты студент катары президенттик стипендияны алышым мен үчүн чоң сыймык. Бул сыйлык менин келечектеги мындан да чоң жеңиштериме жетүүгө өбөлгө түзөт, шыктандырат, дем, күч берет. Мен ишенем, бир гана окуудан эле эмес, коомдук жана медиа жааттарында өзүн мыкты көрсөткөн жаштардын бири катары, келечекте өз мекенибиз үчүн, мамлекетибиз үчүн эң мыкты жана эң керектүү кызматкер болом.
Президенттик стипендия бир гана отличниктерге эмес ошол эле учурда көптөгөн пайдалуу демилгелерди көтөргөн коомдун мыкты демилгелүү студенттерине берилет", - дейт ырчы.
Президенттик стипендия бир гана отличниктерге эмес ошол эле учурда көптөгөн пайдалуу демилгелерди көтөргөн коомдун мыкты демилгелүү студенттерине берилет", - дейт ырчы.
Буга чейин тандап алынган ар бир студентке 50 миң сомдон берилерин, тийиштүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгону маалым болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
4

Комментарийлер(2)
Bekish-

26.12.2020. 13:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Нурчолпон мага жагат
Dolbooruwka

26.12.2020. 14:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кыргызды чыгаан акылдуу ыймандуу кыздарынын бири. Оркундоп осо бер!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.