Өзбек жараны энергетикалык суусундукту мыйзамсыз ташып бара жаткан жеринен кармалды




Кыргыз-Өзбек чек арасы аркылуу аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан жүк кармалды. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, жүк Кыргыз өлкөсүнөн коңшу өлкөгө ташылып бара жаткан.
"26-декабрда "Кызыл-Кыя" көзөмөл өткөрмө пунктунан чек арачылар Өзбек жаранынын башкаруусундагы МAN унаасын текшерүүгө алышкан. Кароо учурунда жүк ташуучу унаанын техникалык абалы документте көрсөтүлгөн маалыматка шайкеш келген эмес. Мындан улам унаага тыкыр кароо жүргүзүлүп, уруксат кагазы жок ташылып бара жаткан 14 миң 600 даана "Red Bull" энергетикалык суусундугу алынган.
Сурак учурунда айдоочу жүк кимге таандык экенин айта алган эмес", - дешти мекемеден.
Керектүү документтер топтолгондон кийин коңшу өлкөнүн жараны менен жүктөр тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилди.


Мен өзүм жүк ташуучу машина менен алыска каттайм Орусиядан фуралар менен бир эле күндө жүздөгөн уй жандыктар келип атат мен аны көрүп сүйүндүм эле, " аа бизге жакшы породагы уйлар келип атат деп..." Көрсө ал жандыктар бизде калбай эле өзбекстанга өтүп кетет экен биз аркылуу.