super.kg logo

Бишкекте жаранды сабап, денесине ар кандай жаракат келтиргенге шектелген жаран кармалды

 

Бишкекте жаранды сабап, денесине ар кандай жаракат келтиргенге шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-декабрь күнү Биринчи Май РИИБине Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө 1987-жылы туулган Э.М. аттуу жаран денесинен жаракат алып түшкөнү боюнча билдирүү келген. Аны Кулиев көчөсүндө жайгашкан "Уют" мейманканасынын жанында белгисиз жаран сабап, денесине залал келтирген, тактап айтканда, баш мээси жабыркаган.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене "бейбаштык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 34 жаштагы Э.Ч. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: