super.kg logo

Ош шаарынын аймагында өткөн аптада жалпысынан 206 кылмыш катталды

 

Ош шаарынын аймагында өткөн апта аралыгында жалпысынан 206 кылмыш катталды. Анын 162синин бети изи сууй электе ачылган. Бир адам өлүмүнө алып келген өзгөчө оор кылмыш катталып, патрулдук милиция кызматы тарабынан бул кылмышка шектүү адам кармалган. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Патрулдук милиция багыты боюнча өткөн жума аралыгында Ош шаарынын аймагында 980 жол кыймылынын эрежесин бузган факты катталды. Арасында айдоочулар жана жөө адамдар дагы бар.

10 айдоочу унаасын мас абалда айдап бара жатып кармалган. 20 туруктуу жашаган жери жок жарандар убактылуу баш калкалоочу жайга жеткирилген.

«102» кызматынын тапшырмасы менен 48 ирет жарандардын чакырууларына барып, жарандардын коопсуздугун камсыз кылышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: