super.kg logo

Кара-Сууда атасы менен баласын белгисиз жарандар тоноп, алардын 100 миң доллар акчасын алып качып кетишкен

 

Ош облусунун Савай айыл аймагына караштуу Кызыл-Шарк айылында атасы менен уулу белгисиз адамдар тарабынан тонолгону боюнча милицияга арыз түшкөн. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми аталган жерге барган ыкчам топ төмөнкүлөрдү аныкташкан.

"26-декабрь күнү болжол менен саат 10:00 чамасында Кара-Суу районунун Савай айыл аймагына караштуу Кызыл-Шарк айылында болгон. Анда кара түстөгү бет кап кийген белгисиз 3 атуул кара түстөгү SsangYong Musso үлгүсүндөгү унаасы менен карама-каршы келе жаткан унаанын алды тарабынан сүзүп токтоткон. 24 жаштагы жаранды бутуна атып, унаадагы 100 миң доллар акчасын карактап, аларды күтүп турган кызыл түстөгү ДЭУ-Нексия үлгүсүндөгү унаага отуруп окуя болгон жерден из жашырып качып кетишкен. Окуя болгон жерди кароодо ок атуучу куралдын гилзалары табылган.

Андан сырткары жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын негизинде окуя болгон жерден изин жашырып кеткен ДЭУ-Нексия үлгүсүндөгү унаасы Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагынын Киров айылынын Жаңы-Чек участкасынан табылган. Учурда кылмышкерлерди издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.12.2020. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
8 300 000 сом.
28.12.2020. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колун сынгырлар!, Эми кармалып соттолсонор орточо 7 жылдан аласынар, ошол акчаны кунуно мин сомдон иштесенер 7 жылда табат эленер го??? Тачка туртосунбу, груз тушуросунбу, стройкадабы, полядабы иштесенер болот эле го?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: