Беловодск айылында жеңил унаа жолдогу бетон тосмону сүзүп талкаланды
Чүйдүн Москва районундагы Беловодск айылында Венто үлгүсүндөгү жеңил унаа жолдогу бетон тосмону сүзүп талкаланды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
"Бүгүн, 29-декабрь күнү түнкү саат 02:00 чамасында Кара-Балта шаарынан Бишкек тарапка бара жаткан унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа жолдогу бетон тосмону сүзүп, талкаланып калган. Анын кесепетинен айдоочу, Александровка айылынын 24 жаштагы тургуну райондук ооруканага жеткирилген. Ал эми унаа айып короосуна токтотулуп, учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.