super.kg logo

Токмокто өгөй атасы тарабынан зордукталды делген 15 жашар кыз жактоочусунан баш тартууда

 

Токмоктогу өгөй атасы тарабынан зордукталды делген 15 жаштагы өспүрүм жактоочу менен иштешүүдөн баш тартты. Бул тууралуу анын жактоочу Шердор Абдыкапаров SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, кыз психикалык ооруканадан чыккан соң, аны Токмок шаарынын социалдык коргоо кызматкерлери алып кетишкен.

"Ал эмнегедир бүгүн мени менен иштешүүдөн баш тартып жатат. Бул сиздерге таң калыштуу эмеспи? Бүгүн бул иш боюнча Токмокко бардым, өгөй атасы менен кезигүү болмок да, кыз силер менен иштешүүдөн баш тартты деп, мени социалдык коргоо кызматкерлери менен тергөөчүлөр киргизбей коюшту. Мен болсо кайрылуумду калтырдым, ал жазуу түрүндө жооп берет", - деп билдирди жактоочу.

Эске сала кетсек, бүгүн, 29-декабрда кыз Бишкектеги психикалык ооруканадан чыкканы маалым болгон.

Окуянын чоо-жайы:

19-декабрда Токмокто 15 жаштагы кызды өгөй атасы эки жылдан бери зордуктап келгенин, өспүрүмдүн апасы бул жөнүндө билип, бирок унчукпай келгенин жактоочу билдирген.

Ал эми бул боюнча Чүй ОИИББи аталган иш кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 161-беренеси (Зордуктоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталганын билдирген.

SUPER.KG порталы кыздын таежеси Гүлзада Сарукевага барганда, ал өгөй атасы кыздын колтугуна сайып тийишкенин, түндө ойготконун көрүп шек санаганын айтып окуя тууралуу баяндап берген болчу.

Кийин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кыз убактылуу таенесине берилерин кабарлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.12.2020. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Апасынан коркуп жатат бекен. Апасы билип жүрүп кызын псих кылып атат го. Наборот ошо апасын психбольницага жаткызыш керек акмакты. Жаш эч нерсени түшүнбөгөн кыз нени билет, түшүнбөй баш тартып атат да.
30.12.2020. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакточудан баш тартпа сен кудайдан кана корк бул ишке чекит кой
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: