super.kg logo

Бишкекте Пакистандык жарандарды бычак менен коркутуп, тоноп жүрүшкөн өспүрүмдөр кармалды

 
Чет элдик жарандарды каракчылык менен тоноп жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-декабрь күнү Свердлов РИИБине Пакистан өлкөсүнүн И.Х. аттуу жараны арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 04:30 чамасында Киев жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жарандар арыз ээсин бычак менен коркутуп, 300 доллар жана 4 миң сом өлчөмүндө акча каражатын, Хуавэй үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алышкан.
Ошондой эле 26-декабрда Биринчи Май РИИБине Пакистандын Ш.М. аттуу жараны арыз менен кайрылган. Анда 25-декабрь күнү саат 22:00 чамасында болжол менен 17-19 жаштагы кебетеси азиялык болгон балдар Жибек Жолу көчөсүнөн бычак такап 6 миң сомун, ошондой эле анын Х.Б. аттуу таанышынын 5 миң сомун тартып алып, из жашырып кетишкен.
Мындан сырткары 26-декабрь күнү Биринчи Май РИИБине дагы Пакистандын Р.Ш. аттуу жараны арыз менен кайрылган. Анда 21-декабрда Асанов жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен болжол менен 16-20 жаштагы балдар бычак менен коркутуп, 15 миң сомдук Самсунг үлгүсүндөгү телефонун, 5 миң сомун тартып алып, из жашырып кетишкен.
"Жогорудагы бул фактынын баары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене "каракчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 15 жаштагы Б.Н., 16 жаштагы Б.Х., 20 жаштагы Т.А. аттуу балдар кармалып, экөө үй камагына алынса, бирөө СИЗО-1ге 2 айга камакка алынды", - деп билдиришти ИИМдин маалымат кызматы.
Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: