super.kg logo

Бишкектин экс вице-мэри коррупция беренеси менен кармалды

 
Ишенип берилген мүлктү менчиктеп максатсыз колдонгон деп шектелип Бишкектин экс вице-мэри Мирлан Амантуров кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал шаар жетекчисинин турак жай-коммуналдык чарбасы боюнча орун басары болгон.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө "Бишкекасфальтсервис" ишканасында жана Бишкек мэриясында болгон коррупциялык схемалар аныкталды. Иликтөө маалында 2015-2019-жылдар аралыгында А.М.К. колдогон компанияларга 100 миллион сомдук муниципалдык заказдар берилгени белгилүү болгон. Бирок жумуштар толук көлөмдө аткарылган эмес. Шектүү 29-декабрда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат билдирүүдө.

Учурда Бишкек шаардык мэриясынын каржылоо жана анын пайдаланылышын көзөмөлдөө боюнча жооптуу башка кызмат адамдары, ошондой эле ушул коррупциялык схемага тиешеси бар адамдар иликтенүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.12.2020. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оптом эле апарып камап салгылада 1 деен камабастан
30.12.2020. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны жылды ошол жактан тосот экен да. Кыныр иш кырк жылда дейт элибизде. Мени качан кармап кетет экен деп ичкен ашы аш болбой жургон кездери экен коррупционерлердин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: