super.kg logo

Маданият министрлиги фонограмма менен концерт берүүгө тыюу салууну пландоодо

 

Мамлекеттик маданий мекемелерге фонограмма менен концерт берүүгө тыюу салуу пландалууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрликте "фонограмма жөнүндөгү" мыйзам талкууланып, ага министр Нуржигит Кадырбеков, композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев, музыка чөйрөсүнүн жоон тобу катышты. Талкуу учурунда колдонуудагы мыйзамдын ченемдери так аткарылбай, бүгүнкү күндөгү маданий иш-чараларда ыгы жок колдонулуп жаткан фонограммалар, шөкөттөлгөн ырлар басымдуу болуп жаткандыгы каралды. Мунун алдын алууда, жандуу үн менен концерт берүү багытына басым жасап, элди алдоодон алыс болушу керек деген пикирлер айтылды.

"Талкуу учурунда эстрада багыты боюнча чет элдин тажрыйбаларын колдонуу, жаш өсүп келе жаткан кадрларды окутуу, эстрадалык оркестрларды көбөйтүү, чыгармачылык деңгээлди көтөрүү жана аранжировка багыттары талкууланды. Ошону менен катар аталган мыйзамдын негизинде жакынкы аралыкта Маданият министрлиги тарабынан мамлекеттик маданий мекемелерде фонограмма менен концерт берүүгө тыюу салган буйрук чыгары айтылды", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
30.12.2020. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жакшы демилге экен.
"Жылдыздардын" пикири кызык болуп атат эми :)
30.12.2020. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Туура нерсе самопал ырчылар гана каршы болушу мумкун
30.12.2020. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ырлардын маани-манызына, клиптердин мазмунуна карата дагы чаралар колдонулса го. Музыка каналдарын коргун келбейт азыр
30.12.2020. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Апак чапак ырчылар жоголот экенда
30.12.2020. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Там алдым машина алдым дегендер азаят экенда)
30.12.2020. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми тв каналдар да саны бар сапаты жокторду чыгарбай койсо өзүлөрү эле жок болушат эле. Чын мени жаман көрбөгүлө тв каналдардан бир жакшына ыр уга элекмин же мага жакпагангабы
30.12.2020. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
МММ концертке барсан отурушка баргандай болот экенсинда.чыйылдашып же уну жетпей
31.12.2020. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: