Актриса жана модель Эркайым экинчи ирет эне болорун ачыктады




Актриса жана модель Эркайым Абдуллаева менен жолдошу Таймурас Ташиев экинчи ирет ата-эне болушат. Бул тууралуу модель Чычкан жылындагы жетишкендиктери тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазган постунда айтат.
Айтымында, Эркайым Абдуллаева узап бараткан жыл алгачкы ирет эне болуу бактысын тартуулап, экинчи наристелүү болууга мүмкүнчүлүк берди. Аны менен байланышканыбызда учурда кош бойлуулуктун төртүнчү айында экенин билдирди.
Эркайым Абдуллаева "Миллиондук мелдеш 2" тасмасына жана бир катар клиптерге тартылган. Ал 2018-жылы ноябрь айында Таймурас Ташиевге турмушка чыгып, экөө Чычкан жылында уулдуу болушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.