super.kg logo

"14 миң сомдук телефонун күч колдонуп тартып алган". Бишкекте таанышын тоноого шектүү жаран кармалды

 

Бишкекте тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Ага ылайык, кечээ, 30-декабрда болжол менен саат 13:45 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына чалуу болуп, анда белгисиз жаран Жибек Жолу көчөсүндө тоноого кабылганын айткан.

"Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери барышып, маалыматты тактаганда 34 жаштагы С.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 13:30 чамасында Жибек Жолу көчөсүнөн таанышы арыздануучуга күч колдонуп, баасы 14 миң сом болгон Айфон-7 үлгүсүндөгү телефонун тартып алган.

Милициянын кайгуул кызматкерлери кылмышка шектүү катары 35 жаштагы Б.О. аттуу жаранды кармашып, Свердлов РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришти", - деп жазылат маалыматта.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: