Жалал-Абадда “Сел-Арык” суу каналын тазалоо иштери жүрүүдө
Жалал-Абад шаарындагы Спутник кичи районундагы “Сел-Арык” суу каналын тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты. Каналдын узундугу 1 чакырым 280 метрди түзөт. Тазалоо иштери 10 жылдан бери жүргүзүлбөгөн жана бул иштерге быйыл жергиликтүү бюджеттен 2 миллион сом бөлүнүптүр. “Быйыл каналды тазалоо иштерине шаардык кеңеш жана мэрия жергиликтүү казынадан акча бөлдү. Жумуштун 90 пайызы бүттү, 10-октябрга чейин толук бүтөт”,-деди шаардык турак жай жана коммуналдык чарба департаментинин башчысы Акыл Нуркулов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

