ЭЛДИК ВИДЕО: "Түтүндөн үйлөр көрүнбөйт" дейт абанын булганганына кейиген кичинекей шаар тургуну
Бишкектин кичинекей тургуну шаардын үстүн каптаган ышты тартып, SUPER.KG порталына жөнөткөн. Мындай аракети менен ал коомду шаардын экологиялык көйгөйүнө көңүлүн бурдургусу келгенин айтат.
"Мына бул Бишкек. Аябай туман. Кир, жадакалса үйлөр көрүнбөй жатат" , - деген видеонун автору.
Бул видео Бишкектин четиндеги Арашан айылында тартылганы маалым болду.
Ал эми төмөндөгү сүрөт Кемин районунда тартылганы "Бишкек бүгүн" телеграм каналында жазылган.
"Шаардын үстүн каптаган түтүн Бишкек ЖЭБинин айынан болуп жатат деп ойлогондор бул сүрөткө көз салгыла. Бул Кемин районунда Орловка жана ага жакын жайгашкан айылдардын үстүнөн карагандагы көрүнүшү" , - деп жазылган билдирүүдө.
Буга чейин DW News" аттуу немис басылмасы ыш каптаган Бишкек тууралуу репортаж даярдап, өзүнүн ютуб каналына жайгаштырды.
Бишкектин абасынан булганышына Бишкек ЖЭБинен чыккан түтүндү, күз-кыш мезгилдерде көмүрдүн көп жагылышын, тургундардын мончолорго отун эмес материал, унаа шиналарынын жагып жатышын жана ошондой эле шаарда унаалардын көбөйүп кеткени себепчи экени айтылып келет.
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев шаардагы абанын булганышын быйыл токтотуу мүмкүн эместигин айтса, дагы бир Бишкектин тургуну шаарды түтүндөн арылтуу үчүн мэриянын буйругунун деле кереги жок экенин айтып чыкты. Ал тургун "Болгону айдоочулар унааларын шаарга кезек-кезеги менен айдап чыгышы керек" деген пикирин билдирген.
Бишкектин кичинекей тургуну Бишкектин үстүн каптаган ышты тартып алды





1 |