super.kg logo

Бишкекте уурдалган унаа Нарындан табылды. Шектүү кармалды

 

Бишкекте унаа уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-декабрь күнү Аламүдүн РИИБине К.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда Лебединовка айылында жайгашкан унаа жуучу жайлардын биринде арыз ээсинин унаасын белгисиз адам уурдап кеткени айтылган.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Автотранспорт каражаттарын уурдоо" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Иликтөө иш-чаралынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан уурдалган унаа Нарын шаарынан табылып, кылмышка шектүү катары 22 жаштагы К.Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү Лебединовка айылындагы унаа жуучу жайлардын бирине жумушка орношуп, арыз ээсинин унаасын жаңы жыл түнүндө уурдап чыгып, Нарын облусунда айдап жүргөн жеринен кармалган", - деп жазылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки процесстер уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: