super.kg logo

Сузак милициясынын алдында аял өзүн-өзү өрттөмөкчү болду. Ал кызын өгөй атасы зордуктап жүргөн дегенге ишенбейт

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун ички иштер бөлүмүнүн алдында белгисиз аял киши өзүн-өзү өрттөмөкчү болгон. Аны милиция кызматкерлери токтотуп калышкан. Анда ал күйөөсү жалган жалаа менен камалганын айткан. Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынын жетекчиси Нурдин Жээнтаев аял эмне себептен өзүн-өзү өрттөмөкчү болгонун жана бул үй-бүлөдө орун алган окуянын чоо-жайын айтып берди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 28-февралында Сузак районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда 2018-жылдын 26-декабрь күнү саат 19:30 чамасында 13 жаштагы кызын Умид аттуу бала, кызыл түстөгү Тико үлгүсүндөгү унаада күч колдонуу менен зордуктап койгондугун билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Бул факты Сузак РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Тергөө учурунда шектүүнүн аты-жөнү аныкталып, кармалган. Ал өз көрсөтмөсүндө жабырлануучуну, кызды тааныбай турганын, жана жыныстык катнашка барбаганын ошондой эле кызыл түстөгү Тико унаасы болбогондугун билдирген. Бул иш экспертизалардын жана иштин ичиндеги материалдардын жыйынтыгы менен шектүүнүн күнөөсү далилденбегендиктен кылмыш иш өндүрүштө турган.

2020-жылдын 8-декабрь күнү жабырлануучу кыз (азыр 15 жашта) Сузак РИИБине арыз менен кайрылган. Анда ал Умид аттуу бала аны зордуктабаганын апасына жалган айтканын, чындыгында аны 1984-жылы туулган өгөй атасы зордуктаганын айткан.

"Мындан 4 жыл мурун 11 жашымда Сузак районунун Ырыс айыл аймагына караштуу Ленин айылында таенемдин үйүндө жашап жүргөн кезде, үйдө эч ким жоктугунан пайдаланып күч колдонуп зордуктаган. Ошондон баштап арыз жазган күнгө чейин зордуктап, жыныстык катнашта болуп келген. “Эгерде окуя боюнча айтсаң "мен сени өлтүрөм” деп коркутуп, апаңа жана милицияларга Умид аттуу бала зордуктаган деп айттырып, үйрөткөн. Арыз жазылгандан кийин 3 ай убакыт өтүп кайра дагы зордуктап, арадан убакыт өтүп кош бойлуу болуп калдым. Ошондо апама өгөй атам кылганын айтсам ишенген жок. 2020-жылдын 5-декабрь күнү саат 02:00 чамасында ал дагы зордуктагандыктан айлам кетип окуя боюнча чындыкты айтуу үчүн Сузак РИИБине келдим", - деп айтып берген жабырлануучу кыз.

Бул окуя боюнча 8-декабрда бул үй-бүлө жашаган үйгө кароо жүргүзүлүп, окуя болгон учурда жаткан төшөктөр, кийимдер жана жабырлануучунун айтуусу боюнча окуя болгон күнү жыныстык катнаштан кийинки аарчынган чүпүрөк далил буюм катарында алынып, соттук-биологиялык экспертиза дайындалган.

Ошол эле күнү 23:30 чамасында шектүү кармалып, Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми 10-декабрь күнү сот шектүүнүн баш коргоо чарасын карап чыгып, 2 айга камакка алган.

Дайындалган соттук-биологиялык экспертизанын корутундусуна ылайык далил катары алынган кесинди чүпүрөктөн жана жабырлануучу жаткан төшөктөн эркектик урук табылып, ал шектүү М.М.га тиешелүү экенин билдирген. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө деп кошумчалайт басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
05.01.2021. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эшек катын акмак, өлсөң олуп кал.Сендей апанын кереги не шол акмак,зордукчу эрин артык болуп калдыбы?!!
05.01.2021. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жон эле койбопсунар, оз баласын коргобогон аялды.
05.01.2021. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушинтип бир эркекти деп өз баласын ойлобогон адамга таң каласын.Тим эле койсоңор болмок акмак аял экен.
05.01.2021. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Олуп калсын тем койгула шумшук
05.01.2021. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошо күйөөңдү өрттөбөйт белен, сооп болот эле. Кызындан да ошо педофил күйөө керек экен да сага. Жөн коюшпаптыр өрттөнүп өлө бер деп, өлөм деп коркутканын кара дагы. Азыр докчулар өтө көбөйдү, күйөөсү кызына кылганын көрүп көзүн жуумп койгон энелер көбөйдү. Кантип жүрөгү чыдап жүрүшөт билбейм.
06.01.2021. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тооба кылдым, ушу жанылыкты окуп комментарий жазгым келип катталдым. Ушу аялдын ага инилери оздору орттоп салса болмок экен, куйоо соройун кошуп.Кызын кордоп жаткан эркекти орттоп, анан озу турмого кетсе жарашмак.
06.01.2021. 07:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтканга соз жетпейт болгону ал эне эмес акмак ....
06.01.2021. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атын чыкпаса өзүңдү өзүң өрттөп сал болуптур да. Бир артисттигин көргөзүп койойун деген экен да.
06.01.2021. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмак аял!
Эне деген атка татыксыз макулук.
Милициянын жанына барбайле үйүңдө өрттөнүп өлбөйт белең намыссыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: