Индонезиядагы белгилүү Кута курортунун жээгинен 30 тонна желим таштанды чыгарылды
Индонезиядагы Бали деңизинин эң белгилүү курорттук жээги катуу бороондон
кийин желим таштандысына айланды. Деңизден 30 тонна таштанды чыгарылганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Чогулган таштанды 15 чакырымга созулуп, жээктерди тазалоо үчүн өкмөт полиция жана аскер кызматкерлерин тартууга аргасыз болгон.
"Курорттук аралга ээ Индонезия пластикалык таштандылар боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт", - деп жазылат маалыматта.
Индонезиядагы белгилүү Кута курортунун жээгинен 30 тонна желим таштанды чыгарылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.