Бегимай Карыбекова, Лазат Нуркожоева аттуу мисстерди чыгарды. Сулуулар сынагын өткөрүп жүргөн Рыскүл Намазбекова төш белги менен сыйланды




Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өлкөдө сулуулар сынагын уюштуруп келе жаткан Рыскүл Намазбекованы төш белги менен сыйлады. Төш белги маданиятты жана искусствону өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн деп берилди. Сыйлык бүгүн, 6-январда тапшырылганын Рыскүл айым билдирди.
Белгилүү болгондой, Рыскүл Намазбековага "Маданияттын мыкты кызматкери" деген төш белги Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан ыйгарылды.
Рыскүл айым 2014-жылдан бери "Кыргызстан сулуусу", "Бишкек сулуусу" жана башка сулуулук сынактарын уюштуруп келет. Сынактын жеңүүчүлөрүнүн арасында моделдик кесипти аркалап, белгилүү болгондордун арасында Бегимай Карыбекова бар. Ал "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагында таажы тагынган.
"Кыргызстан сулуусу-2020" сынагында Лазат Нуркожоева жеңүүчү болду. Ал президенттик кызматка талапкер болуп жаткан Садыр Жапаровдун иниси Давлет Жапаровдун кызы.

Кыргыздын ар бир кызы сулуу.Булар сулууларды чыгарбай эле турат.Сулууларды кудай,табигат жаратат.Аларды жыланачтап,эл алдына алып чыккан бул күнөө.
Эми ушулардын ити Кыргызстан боюнча "эң алгыр ит" наамын,
койлору "эң жоош кой" наамын ала баштайт.
Кайра эле баягы көрүнүш кайталанып жатат