super.kg logo

Садыр Жапаров: "Орус тилинин макамын сактап калуу менен кыргыз тилин үйрөнүүнү күчөтүү керек"

 

Садыр Жапаровду өлкө аймагынын тургундары кызуу колдоого алышууда. Ал эми борбор калаада жашагандар ага азырынча этият мамиле кылышууда. Анткени Садыр Нургожоевич кыргыз тилинде сүйлөгөндү артык көрөт. Ал өзүнүн маектеринин биринде кыргызча ойлонорун жана кыргызча сүйлөп көнгөндүгүн, бирок зарыл болгон учурда орус тилинде да сүйлөй аларын айткан эле.

Бирок ошентсе да бишкектиктердин маанайына таасир эте турган айрым бир суроолордун башы ачык калганын айта кетели.

- Садыр Нургожоевич, графигиңиздин тыгыз экенине карабай убакыт бөлгөнүңүзгө ыракмат…

- Сиз суроолоруңузду бере электе Кыргызстандагы бардык православдарды, дагы бир жолу эң башкы диний майрамдарынын бири – Иса Пайгамбардын туулган күнү менен куттуктап койгум келет!

Кыргызстандагы коом ачык жана максатыбыз бир. Ошондуктан эзелтен калыптанып калган салтка ылайык, бири-бирибиздин майрамдарыбызды дайыма жакшы маанайда, чын дилибизден кубанып белгилеп келебиз.

Мына ушул бүгүнкү майрамда да көптөгөн православ дининдеги мекендештерибиз өзүлөрүнүн мусулман досторунан “Иса Пайгамбардын Туулган күнү кут болсун!” - деген куттуктоону угушаарын билем. Бизди күчтүү, бекем коом кылган дал мына ушундай руханий биримдик. Мындан ары да ушундай болушу керек!

- Ошентсе да орус тилдүү шайлоочулар Сизди орус тилинде көп сүйлөбөйт деп кабатыр болушууда?

- Мен бул туурасында айткам, дагы бир жолу кайталап коёюн. Мен орус тилин жакшы эле билем, сүйлөй да алам, бирок мен кыргызмын да!? Кыргызча ойлоном, кыргызча сүйлөйм. Негизи менин кайсы тилде сүйлөөрүмдүн мааниси жок, башкысы, аткарып жаткан ишим эмеспи? Мекенчил адам үчүн иштин көзүн таба билүү маанилүү.

Орус тилине келсек, мен анын ролун жана маанисин абдан жакшы билем. Ошондуктан орус тили, мен буга чейин баса белгилеп айткандай, Кыргызстанда расмий макамын сактап кала берүүгө тийиш. Мен орус тилинин макамын басмырлоого жол бербейм. Аймактарда орус тилин окуп үйрөнүүгө болгон муктаждык абдан жогору экенин, бирок мугалимдер жетишпей жатканынан жакшы кабардармын. Бул маселени чечишибиз керек. Ошол эле мезгилде Кыргызстанда жашаган орус тилдүү жарандарыбыз да, кыргыз тилин үйрөнүүсү зарыл деп эсептейм. Бирок бул маселеде кыргыз тилин окутуунун усулу бизде абдан чабал экенин моюнга алганыбыз оң. Ошондуктан бул маселе менен тыгыз иштеп, кыргыз тилин да, орус тилин да окутуу сапатын жаңы деңгээлге көтөрүшүбүз керек.

- Садыр Нургожоевич, шайлоочулар менен болгон жолугушууларыңызда Сизден Россия менен кош жарандуулук жөнүндө көп жолу сурашты. Бул туурасында оюңуз кандай?

- Бул маселе алиге чейин чечилбей келатканына өкүнөм. Россияда учурда 1,5 миллиондой кыргызстандыктар иштеп жүрүшөт. Аларда кош жарандуулук болсо, туура болмок деп эсептейм. Анткени Кыргызстандын жараны болуп, ошол эле кезде Россия аймагындагы жеңилдиктерден да пайдалана беришмек. Анын үстүнө, алардын ал жакта оокат мүлкү бар, балдары мектепке, бала бакчага барууда. Андыктан мен бул идеяны кош колдоп колдойм жана шайлоодо утуп чыксам, бул маселеге олуттуу киришем.

- Россия жөнүндө кепти уланталы. Аскер базасы жөнүндө коомчулукта көп айтылат. Балким, андан баш тартып койсок кантет?

- Эч качан! Мунун себебин чечмелей кетейин. Аскер базасы менен аскер кубаты Россияга караганда бизге көбүрөөк керек. Кыргызстан ЖККУнун мүчөсү экенин да унутпаңыз. Биздин чек аралар ЖККУ менен Евразиялык биримдиктин да тышкы чектери болуп саналат. Бул биз үчүн гана эмес, кошуна өлкөлөр үчүн да стратегиялык маселе. Албетте, биз чек араларыбызды экстремисттик жана террордук күчтөрдүн мүмкүн болгон кысымынан эч кимдин жардамы жок эле өз күчүбүз менен коргоону камсыздай алсак жакшы болмок.

Жалпысынан Россия туурасында айта турган болсок, биз бул өлкө менен болгон кызматташтыктын потенциалын толук колдоно албай жатабыз деп эсептейм. ЕАЭБ жана ЖККУнун багыттары боюнча көптөгөн пайдалуу долбоорлор баягы эле бюрократиялык тосмолордон, чиновниктерибиздин иштин көзүн таба албаганынан жана жалкоолугунан токтоп калган.

Биз аскерий же экономикалык кызматташтык гана эмес, башка көп багыттар боюнча, маселен, жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү, маданий демилгелер, билим берүү жана илимий долбоорлор туурасында сүйлөшсөк болот. Алтургай, биз евразиялык мейкиндиктин катышуучусу катары Россия менен гана эмес, евразиялык башка өлкөлөр менен да ушул багыттар боюнча иштөөгө тийишпиз. Мындан улам биздин алдыбызда чети оюла элек жумуш талаасы турат, эмне деген мүмкүнчүлүктөргө, келечектүү иштерге жол ачылууда. Эң башкысы – кара баштын эмес, элдин, урпактардын кызыкчылыгын ойлоп иш кылуубуз зарыл. Ошондо баары ишке ашат!

Аткаруучу: «SUPER.KG» ; дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш. Жибек-Жолу көч 381. Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.

Нускасы: 1. 2021-жылдын 7-январында даярдалды.

Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(13)
07.01.2021. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маладес ойюңуз ишке ашсын үйбүлөбүщ менен сизди колдойбүз өлкөбүздүн келечеги үчүн Аллах күч куубат берсин аамин
07.01.2021. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Орусча уйронуп ал Садыр. Орус тили жаштар учун эн маанилуу. Кыргыз тили менен башка жака чыга албайсын. Элдин сабаттуулугун, сынчыл коз карашын которуудо орус тили абдан керек. Болбосо сабатсыз, сынчыл коз карашы жок элибиз Садырга окшогон популисттерге алданып журо берет. Орус, англис тили жаштардын билим денгеелин, сабаттуулугун которуудо чон роль ойнойт. Ушуну унутпайлык. Жараткан Тенирим элимди колдосун.
Janyl98 түзөттү 2021-01-07 11:51:10
07.01.2021. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Орус тили дуйнолук тил. Андыктан адамдын дуйно таанымын которуудо орус тили маанилуу.
07.01.2021. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Орус тилини чийип салып, англис, француз, немец тилдерин мектептен тарта окуп баштасак болмок.
07.01.2021. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Mirnar,
Француз, англис тилин кыргыз тили аркылуу уйроно айлабайсын, ото кыйын, Орус тили башка тилдерге оной которулат. Орус тилин билбеген, суйлой албаган кыргыздар орус тилин жамандабай эле койгула. Орус тили эн сонун, кооз тил. Садыр орусча билбесен Путинге жакпайсын. Путинге жакпасан ишин онолбойт. Путинсиз кыргыздарды эч ким койнуна батырбайт.
sultan_bek түзөттү 2021-01-07 18:20:08
08.01.2021. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sultan_bek Англис, француз, немец тилин билген кыргыз тилдуу мугалимдер толтура.мамлекеттик денгээлде айлык акысы болунуп, мектеп программасына сабактар киргизилсе жаштарыбыз уйронот эле!(циркте маймылдар суйлоп ойноп журот) Менин мекеним орус тилдуулорго коз каранды мамлект болушун каалабайм!
08.01.2021. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sultan_bek,Биз англис тилин, орус тили жок эле уйронгонбуз. Немец,француз тилине эн жакын англис тили болот, латын тамгалары колдонулат айрмасы аз.
07.01.2021. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Mirnar,туура
07.01.2021. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Адам эки уч тил билсе ошончолук кругозору кенейет жана онугууго, ийгилике жол ачылат. Орус тили мага абдан жагат. Орус тили аркылуу башка дуйнолук тилдер да оной которулат. Ошонусу менен орус тили мыкты.
narynbek2001 түзөттү 2021-01-07 19:59:03
07.01.2021. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
narynbek2001,орус тилге караганда англис тилин уйронсо жакшыго
07.01.2021. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мусулмандар Иса пайгамбардын туулган куну менен куттуктабайт.
08.01.2021. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ар бир улут оз тилин билип суйуп онуктурушу керек орус тилин кооз дебей кыргыз тилинда кооз кылып суйлосок кооз болот орус тили Россия м.н КМШда керек болду негизи коп тилди билген жакшы бирок кыргыз тилин билип суйлогонубуз бул тилдин жок болуудан сактайт
08.01.2021. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргыз онугуп оскусу келсе орус тилсиз онугушу мумкун эмес!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: