super.kg logo

"Концертке келген бала "үч пахан" тамашасын көрмөкмүн, эмнеге койбой койду деп ыйлады". Рахман Разыков УКМКга чакырылууга себеп болгон тамашасы тууралуу айтты

 

Куудулдар Рахман Разыков, Абдылда Иманкулов жана Нарынбек Молдобаев Оштогу "Оңолмок элек биз качан, ортодо турса үч пахан" деген концертинен улам УКМКнын аталган аймактагы башкармалыгына чакырылышты. Тагыраагы, куудулдардын "Үч пахан" деген тамашасы суракка барууга себеп болгон. Бул тууралуу сатирик Рахман мырза билдирип, буларга токтолду.

"Программаны мен түзөм. Үчөөбүздүн концертибиз 1-5-январь аралыгында Ошто болду. Концерттин биринчи күнүн Ош ТВ телеканалы эфирден кетирбей койду. Эртеси күнү эле үчөөбүздү башкармалыкка чакырышты. Барганыбызда концерттик программадан "Үч пахан" деген интермедияны алып салуубузду айтышты. Эмнеге дегенибизде "тамашада талапкердин беделени шек келтирген учурлар бар" дешти. Концерт бүткөндө 12-13 жаш чамасындагы баланы ата-энеси алып келишти. Өспүрүм "Үч пахан" деген тамашаны эмнеге койбой койдуңар, мен ошону көрмөкмүн" деп ыйлап алыптыр. Ага кантип түшүндүрөсүң?

Мен пахан деп конкреттүү бир адамды айткан жокмун, ал жерде пахан деген үчөөбүз деп түшүндүрдүм. Интермедиядагы "лампочкам, фигураңыз жакшы экен" жана башка сөздөр эл арасында айтылып жатат да. Бул жерде бардык талапкерлерге карата айтылган сөздөр колдонулган. Бирок талап коюлуп, программадан ал тамашабызды чийдик. Оштогу концертибиз бүтүп, Жалал-Абадга барганыбызда ал жактан облустук штаб иш-чара өткөргөнгө болбойт деп театрдын эшигин ачпай койду. Облустун алыскы, жакынкы аймактарынан келген көрүүчүлөр көчөдө калды, билет сатып алышкан деп ресторан таап, сүйлөштүк. Баасын келишип, элди киргизели деп жатканыбызда тойкананын ээси телефон чалып, өткөргөнгө болбойт деди. Акчасын төлөп жатам, эл күтүп турат дегенимде "мага тынч жашоо керек" деди.

Билет алган эл бизди жаман көрүп "эмнеге концерт койбойсуңар билет саткандан кийин" дешти. Бирибиз Бишкектен, бирибиз Оштон атайын барып концерт койбой коймок белек", - дейт куудул.

Ошондой эле Рахман Разыков мурдагы президенттер Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбековдун учурунда деле концерт койгонун, анда мындай бут тосуулар болбогонун кошумчалады.

Социалдык тармакка концерттин монтаждалган афишасы тараган. Анда Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдун сүрөттөрү коюлуп, концерттин аталышы жазылган.

"Афишадагы сүрөттүн монтаждалганы көрүнүп турат. Талапкерлердин беделине шек келтирилип жаткан болсо УКМК ушул сүрөттү жасап, тараткандарды тапса болмок", - деди куудул.

УКМК куудулдардын суракка чакыртылышы боюнча комментарий бере элек.

(Сахнада илинип турган афиша монтаждалган)


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(20)
07.01.2021. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-28
Чала болот силерге! Эл бузарлар!
07.01.2021. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Садырдын артын жалаша берип агарып кетиптир кыргызстан бут пахтачылар болуп кетиптир
07.01.2021. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-26
Буларды камаш керек
07.01.2021. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Абайлагыла диктатор келе жатат экен соз эркиндиги буулуп жатат
07.01.2021. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Чычалабасын уч дос, же жалганбы?
07.01.2021. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Рахман чындыкты айтып жургон адам
07.01.2021. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рахман агай бул кундорда отот уч пахан дагы кетет Мадумаров келсе чындык орнойт
07.01.2021. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Чычалаган чын болот дечү беле.
07.01.2021. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Изденуу деген жок!
07.01.2021. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бул башталышы гана!
07.01.2021. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Майдай жагып жатат диван баатырларга бугада Бакиев куноолу))
07.01.2021. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Рахман Разыков Мадумаровду колдогону учун Садырды каралап...
07.01.2021. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Рахман бийлике каршы болгону үчүн эмес,Адаханды колдогону үчүн ушундай сатираларды чыгарууда.Адахан эмне десе ошону кылышат булар.Буларга Адахандын сөзү мыйзам.
07.01.2021. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бийликке келбей жатып бут тосуп жатат эртен келип калса кандай болор экен Ислам Каримовдой болот окшойтко
07.01.2021. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Садыр жыргатпайт коросунор го
08.01.2021. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bak.taalai,Ким жыргатат анан?
08.01.2021. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bak.taalai, Калгандары Бут саткындар
08.01.2021. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Чын чынында изденуу жок башка нерсе менен кулдурсо болмок, оной жолу менен концерт койуп уйронуп калган
08.01.2021. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Саясаттан башка нерсе менен эле күлдүрсө болбойбу.Изденуу жок.
08.01.2021. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Саясаттан эл чарчаган ошдуктан башка сатира тапсаңар болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: