super.kg logo

"Жарнамаларга да тартылууга сунуш түшүп жатат". Ырчы Саниа түрк сериалдарында роль жаратууда

 

Түркиянын Стамбул шаарында жашап, чыгармачылыгын улантып жүргөн ырчы, "Жылаңач баатыр" долбоорунун катышуучусу Саниа түрк сериалдарына тартылууда. Учурда жарнамаларга тартылууга да сунуш түшүп жатканы ырчы менен кабарлашканыбызда белгилүү болду.

"Yasak elma" сериалынын 3 сериясына тартылып, милиция кызматкеринин, бай кыздын ролун жараттым. Мындан тышкары "Tövbeler olsun" сериалында офис менеджери болуп тартылдым. Учурда "Sol yanım" сериалында клубдарга көп барган каармандын образын жаратуудамын. Түрк тасмаларына, сериалдарына тартылууда кыйынчылыктар болгон жок, анткени бул кесипти аябай жакшы көрөм.

Мындан тышкары "Baraj", "Akrep", "Akıncı" деген сериалдарда роль жаратууга, жарнамаларга тартылууга сунуш түшүп жатат", - дейт ал.

Ырчы эки башка жайдан актёрлук чеберчилик боюнча сабак алды. Ал сериалдарга кантип тартылып калганы боюнча мындай дейт.

"Стамбулдан Инстаграмдан чакыруу келди. Атайын кастингдерге барган жокмун. Мен окуган окуу жайдын (Pastel menejerlik) башкы директору Волкан Демир мага менеджер болгону үчүн көп жактарга сунуштап, менин анкетамды жиберип турат", - деп билдирди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
08.01.2021. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ТИРИЛИГИҢДИ КЫЛЧЫ ТҮРКТӨР МЕНЕН И МОЛЧИ ТАМ
09.01.2021. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жаман мактаныпсың го. Yasak elmanın 3 чү бөлүмүн карап чыктым. Эч жеринде көрүнбөйсүң го сен. Кайсыл жеринде полистин ролун ойнодуң эле ыя?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: