Курал Чокоевдин элдин кыжырын келтирген долбоорунун коноктору пикирлерин билдиришти
Ырчы Курал Чокоев чет элдик долбоорду кайталайм деп коомдун сынына кабылып, талкуу чордонунда болууда. Артисттин долбооруна конок катары катышкан шоу-бизнес өкүлдөрү өздөрүнүн пикирлери менен бөлүштү.
Ырчы мырзанын чуулгандуу долбоорунун эң алгачкы коногу шоумен Манас Алыкулов болгон. Алпаруучу долбоор тууралуу буларды айтат. "Курал Чокоев менен жолдошпуз. Долбоордун максаты тууралуу билгем, билип эле баргам. Бирок видеону монтаждаганда көп учурлар алынбай калган".
Кезектеги маек төргө Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев келген.
"Видеону жакшылап карасаңар, анда мен ойду-келди сүйлөгөн эмесмин. Болгону аягында роль аткарып, сөгүнүп койгом. Мен долбоорго тартылууга бара жатканда мынчалык экенин билген эмесмин. Ошол үчүн кечирим сурайм. Курал Чокоевге видеону өчүрүп коюусун айттым. Видео өчүрүлөт. Мен араңыздардан жеке бирөөнү сөккөн жокмун. Эч бир адамдын аброюна шек келтирген жокмун", - дейт ал.
Ал эми Кайрат Кыргыз долбоордун мааниси жок болуп калганын айтат. "Курал Чокоев экөөбүз сүйлөшүп, тамашалашып эле жүрөбүз. Мага тамашалуу долбоор деп айтканынан баргам. Баргандан кийин Куралдан тышкары 3 жигит да бар экен. Анда ар кандай темада сөз болду. Долбоорго теңтуштарды чакырса болмок, анткени бирдей курактагылардын темасы окшош. Менин жашым туура келбей калат экен. Мен Куралга маанисиз болуп калганын айттым", - деди ал.
Артисттин бул долбоорунун айрым үзүндүлөрүн маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков аргасыздан көргөнүн, ырчы эмнеге мындайга барганын түшүнө албай жатканын айтып, элден кечирим сурады.
Ырчы айтылып жаткан сындардын баарын кабыл аларын, кетирген каталарынын үстүнөн иштей турганын айтып, долбоорду тартууну улантарын билдирген.
Ал эми "Марал" радиосу Курал Чокоев, "Кыргыз" радиосу Курал мырза, Кайрат Примбердиев менен иштешүүнү токтотуп, ырларын уктурбай тургандарын жарыялашты. Кийинчерээк, ырчы долбоор токтотулганын, буга чейин интернет желесине жарыяланган видеолор өчүрүлөрүн айтып чыкты.
кошулду
Автор: Бактыгүл Момбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
noeli,башында каалаган корсун ,чыгара беребиз деп жатпадынар беле?Родительские контроль бар деп акыл уйротуп чыктынар эле.Мышык болуп калыпсынар го. Силерге кечирим жок.
Абийиринерди кетирип алдынар, уяты жоктор. Кандай эне тууду экен силерди, жерге киргирлер. Мындай долбоор болгон эмес ушул убакка чейин кыргызда, кандай тарбия көргөнүнөрдү билдирип, озүнөргө өзүнөр чычып алдынар.
nazira...,Энелер балдарын ушундай адепсиз болсун деп тууп чонойткон жок да. Энелерге сөз тийгизбейли. Тогуз ай сыздап толготуп төрөгөн энелерде эмне күнөө. Баланы торогондо кыял жоругун кошо торобойсун да.
Маданият министри туура чечим кабыл алган.Саны бар сапаты жок ырчыларды ушинтип жок кылыш керек.Кайрат Кыргыз чыкканда Куралдын жанындагы үч бала көк мээ экен.Ошол үчөөнү такыр жолотпош керек шоу бизнеске
Маданият кызматкерлери деген маданияттуу болуу керек. Элге маданияттуу үлгү болуш керек эле тескерисинче булар элге туура эмес багытка алып баратышат. Бул боюнча калбаш керек наамдарын ажыратып, бүт телерадио бойкот жарыялаш керек
Кайрат Примбердиев озунду скромный алып жургончо "Сен дагы мени сагынганда" деген сыяктуу жагымдуу ырларды ырдап журо бербейт белен, ошол убакта крассавчик болчусун, Азыр эле эмне болуп кеткенсин?((