super.kg logo

"Парламент менен президент да чүчү кулак кармашты беле?". Өлкөнү башкаруу формасын тандап, добуш берген шоу-бизнес өкүлдөрү

 

Бүгүн, 10-январда өлкөбүздө кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өтүүдө. Бардык шайлоо участкалары саат 8:00дөн баштап шайлоочуларга эшигин ачты.

Өз тандоосун жасагандардын арасында шоу-бизнес өкүлдөрү да бар. Бул жолу жашаган аймагы боюнча шайлоо тилкесине барып тандоо жасагандарды жана пикирин билдиргендерди топтодук.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлнур Сатылганова

"Мен шайлоого бардым, №1119 шайлоо тилкесинде добуш бердим. Кыргыз мамлекети үчүн бүгүн маанилүү күн, 25-30 жылдан бери элибиз аябай чарчады, кыйналды, азыр чоң тилек кылып отурабыз. Мамлекетибиздин, элдин тагдыры кимдин колуна тийсе дагы чоң жоопкерчилик менен, акыйкаттык, чынчылдык, патриоттуулук, менен элге кызмат кылса экен. Мен парламенттик башкарууну колдойм".

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Юлия Руцкая парламенттик башкаруу формасын колдоорун айтты. "Мен өлкөбүздө жаркын келечек болоруна ишенем, ошондуктан үй-бүлөм менен келип добуш бердим".

Ырчы Гүлзинат Суранчиева

"Урматтуу мекендештер! Бүгүн шайлоого барып жарандык милдетибизди аткаралы. Бул эң маанилүү. Келечегибизге кайдыгер карабайлы. Мен шайладым".

Алып баруучу Нурсултан Майназаров парламенттик башкаруу формасын тандаганын айтат.

"Шайлоого активдүү катышууга чакырам! Кыргыз өлкөсүнүн келечеги үчүн келип добуш берип кетиңиздер.
Менин жеке тандоом - парламенттик башкаруу (бизде 20 жыл президенттик башкаруу болду, кийинки 10 жыл парламенттик башкаруу деп аталганы менен эски эле президенттик башкаруу болду, алар баарын чечип атышты). Дүйнөнүн эң алдыңкы 50 мамлекетинин арасынан 48и парламенттик башкаруу формасын тандаган".

Алпаруучу Айзада Жамгырчиева

"Баары бир барганда эмне?" деген тааныштарымдын айткан сөздөрүнө карабай, добуш берип келдим".

Алып баруучу Нурзат Токтосунова

Ырчы, актёр Самат Дөөлөтбаков
"Үйдө жатпагыла. Добуш бергиле! Балким, сиздин добушуңуз биздин келечегибизди чечүүчү добуш!"
Журналист жана диктор Мирзат Муканов
"Шайладым. Башкаруу формасын да тандадым. Сиздер да барыңыздар. Парламент менен президент да чүчү кулак кармашты беле? Бюллетенге биринчи "президенттик" дегенди балтайтып жазып алышыптыр.
Алфавит боюнча биринчи пАрламенттик, андан кийин пРезиденттик жазылыш керек".
Актёр Аскат Сулайманов тандоо жасап, башкаларды дагы активдүү катышууга чакырды.

Актёр, сценарист Бакыт Осмонканов буга чейинки шайлоолордо баарына каршы деп келсе, бул бир талапкерди тандаганын айтты.

Ал эми актёр Азамат Исмаилов добуш бергенин, бирок ал барган шайлоо тилкесинде шайлоочулардын саны өтө аз экенин айтты. "Эмне үчүн эл аз деген суроо жаралды. Буга чейинки парламенттик шайлоодо эл көп болгон. Үгүт учурунда көп акча таратылган, ошодуктан көп келгенби деп кеттим", - дейт ал.

Добуш бергендердин катарын ырчы Жыпара Таштанова да бар. Ал президенттик башкаруу формасын тандаганын айтат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
10.01.2021. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер инфо жамааты мен сиздерди сыйлайм. Дайыма Кабарды сиздерден окуйм. Бир жактуу эмес ко́п жактуу болушуңуздарды суранам. Жалан парламентаризмди колдогондорду эмес президенттикти колдогондорду да жазып койсонуздар болмок
11.01.2021. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырчы чоорчулар депутаттардын досторуда,мамлектти тоноп ушулар мн болушот тойлоруна чакырып.Юлия Руцкая 4 шт ыры менен 4 жылда эмгек синирип койдубу?
Mirnar түзөттү 2021-01-11 22:28:28
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: