Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракесине арналган көргөзмө ачылат
12-октябрда борбор шаардагы Улуттук көркөм сүрөт академиясынын көркөм залында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракесине карата ата мекендик сүрөтчүлөрдүн республикалык көргөзмөсү ачылат. Иш-чараны Улуттук көркөм сүрөт академиясы, Улуттук илимдер академиясы жана Кыргызпатент уюштурууда. Муну 4-октябрда Кыргызпатенттин басма сөз кызматы маалымдады. Көргөзмөнүн максаты - кыргыз сүрөт искусствосундагы Чыңгыз Айтматов темасын өнүктүрүү. Республиканын бүт облустарынан келген сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлмакчы.
Автор: Жылдыз Жускембаева
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.