super.kg logo

Садыр Жапаров: "Мен мекениме ак кызмат өтөп, сиздердин ишеничиңерди толук актайм"

 

Садыр Жапаров "Ала-Тоо" аянтына келип, чогулган тарапташтарына кайрылуу жасап жатат.

"Сиздер кечээ өз тандооңуздарды тандап, өлкөнүн келечегин чечкен шайлоого катыштыңыздар. Урматтуу шайлоочуларым, өлкөбүзбүн 30 жылдык эгемен тарыхындагы эч ким жоопкерчилик албаган жеке кызыкчылыгын көздөгөн, кландык башкарууга жол берген кайдыгерликке чекит койгон күн келди. Өлкөбүз өнүгүүгө карай жол баштады. Кандай гана азаптарды баштан кечирдик. Өлкөдөгү өнөр-жай, бажы, экономика, айыл-чарба, сот жана башка тармактарыбыз артта калды.

Эл турмушу оңбогон оор абалда. Ушундай оор жагдайда өлкөнүн тагдырын алып отурам, ушул жоопкерчилик мага буйруптур. Мен мекениме ак кызмат өтөп, сиздердин ишеничиңерди толук актайм", - деди Жапаров.






Садыр Жапаров "Ала-Тоо" аянтынан элге кайрылуу жасады

Автор: Азат Бейшенбеков
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: