super.kg logo

"Карагыз" тасмасы менен белгилүү болгон актриса Гүлсина Чотонова 46 жашка толду

 

"Карагыз" тасмасы менен белгилүү болгон актриса Гүлсина Чотонова бүгүн, 11-январда 46 жашка толду. SUPER.KG порталы актрисаны туулган күнү менен куттуктап чалганыбызда төмөнкүлөргө токтолду.

"Күндөгүдөй эле жумуштамын. Негизи эле туулган күнүмдү өзгөчө шаан-шөөкөт менен деле өткөрбөйм. Курбу-курдаш, жакын санаалаштарым менен эле бир аз белгилеп коебуз. Элден айлансам болот, таң аткандан баштап жакшы сөзүн арнап, куттуктоосун айткандар арбын. Тирүүлүктүн өзү эле чоң бакыт, чоң дөөлөт эмеспи. Жараткандын ар бир күнүнө шүгүр келтирем", - дейт Чотонова.

Гүлсина Чотонова 1975-жылы Аксы районунун Сыны айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Айылдагы орто мектепте 5-класска чейин окуп, андан ары Бишкек шаарындагы №5 мектеп-интернатта билим алган. Мектепти аяктаган соң Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинде билим алган.

Эмгек жолун эң алгач 1997-жылы Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук драма театрынан баштаган. КТРКнын "Арноо концерти" берүүсүнүн көп жылдан берки режиссёру.

Кино жаатында алгач 2003-жылы Генадий Базаровдун "Карагыз" тасмасына тартылып, эл оозуна алынган. Аталган тасма Ялтада өткөн кинофорумда баш байгени утуп алган. Андан соң актрисага Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгы ыйгарылган.

"Карагыз" тасмасынан кийин "Метаморфоза", "Исход", "Туздуу талаа", "Сулайман тоо", "Көпөлөк" кинолорунда аткарган. Ошондой эле "Акшоола" телесериалында көзү ачыктын образын жараткан.

Гүлсина Чотонованы көпчүлүк актриса катары тааныганы менен негизги кесиби режиссёрлук экенин айтып келет. Ал алгачкы кыргыз клиптеринин жаралуусуна салым кошкондордун бири. Ошондой эле алып баруучулук, ырчылык менен да алектенет.

Үй-бүлөлүү. Жолдошу менен 2 уул, 1 кызды тарбиялап келишет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: