Ырчы Курал Чокоев "Маданияттын мыкты кызматкери" наамынан ажыратылды

Ырчы Курал Чокоев чет элдик долбоорду кайталайм деп коомдун сынына кабылып, талкуу чордонунан түшө элек. Артисттин бул долбоорунун айрым үзүндүлөрүн маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков аргасыздан көргөнүн, ырчы эмнеге мындайга барганын түшүнө албай жатканын айтып, элден кечирим сурады. Ошондой эле Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин чыгармачылыгына чектөөлөр киргизилерин айткан.
Ал эми "Марал" радиосу Курал Чокоев, "Кыргыз" радиосу Курал мырза, Кайрат Примбердиев менен иштешүүнү токтотуп, ырларын уктурбай тургандарын билдиришкен. Ага улай эле "Ош Пирим" ТРКсы Курал Чокоевдин ырларына бойкот жарыялай турганын маалымдаган.
Ырчы айтылып жаткан сындардын баарын кабыл аларын, кетирген каталарынын үстүнөн иштей турганын айтып, долбоорду тартууну улантарын билдирген. Кийинчерээк, ырчы долбоор токтотулганын, буга чейин интернет желесине жарыяланган видеолор өчүрүлөрүн айтып чыкты. Ал эми долбоордун коногу болгон шоу-бизнес өкүлдөрү өздөрүнүн пикирлерин билдиришти.


Сага сонун жанылык. Анткени сен ушунчалык, наадан, бузуку, бироонун ийгилигин коро албаган, агрессивный, толерантуулугун жок адамсын
Курал чокоев эч кимди зодуктап, бироонун мулкун уурдаган жери жок. Кыскасы толерантуулуктун жоктугу. Журушпойбу мамлекеттин казынасын уурдап чиновниктер. Аларга эч ким суйлой албайт.
Эми ошол буйрукту Шералынын чокоюндай кылып үйүңдүн кире беришине илип ал, Чокоев!