super.kg logo

"Кечирим сурагандан кийин наамын албай эле койгон туура". Кайрат Примбердиев менен Курал Чокоевге көрүлө турган чара боюнча белгилүүлөрдүн пикири

 

Ырчы Курал Чокоев чет элдик долбоорду кайталайм деп коомдун сынына кабылып, талкуу чордонунан түшө элек.

Бүгүн, 13-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомчулуктун терс реакциясын жараткан чуулгандуу программанын автору Курал Чокоевди Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисинен ажыратты. Ал эми чуулгандуу долбоорго конок болгон Кайрат Примбердиевди Эмгек сиңирген артисти наамынан ажыратуу сунушу президенттик аппаратка жөнөтүлгөнү маалымдалды.

Аты аталган ырчыларды наамынан ажыратууну колдогон да, колдобогондор да болууда. Шоу-бизнестин айрым өкүлдөрү ырчылар кечирим сурагандан кийин наамын албай эле койгон туура деп эсептейт.

Телеалпаруучу Эркин Рыскулбеков ырчыларга коомдун катуу сыны деле жетиштүү болду деп эсептейт. "Ырчылар элдин талкуусуна түштү, урулду, согулду. Төш белгисин алып маданиятты алдыга жылдыра албайсыз, урматтуу министр мырза. Мен деле сөгүнөм, анда менин да төш белгимди алгыла", - дейт.

Ал эми алып баруучу Нурзат Токтосунова мырзалар жаңылып, катасын түшүнгөнүн айтат.

"Эки ырчыны 15 жылдан бери жакшы жагынан гана билчүмүн. Жаңылды, туура эмес болуп калды. Бирок 20 жылдык эмгектерин, сыйлыктарын албасак. Катуу кетпейли, сабак болсун баарыбызга".

Өзүн "кыргыздын деми" атаган, кийинчерээк ырчылыкка ыктаган Гүлзат Мамытбек дагы наамды алып коюуну туура эмес деп эсептейт.

Медиа эксперт Акмат Алагушев мамлекеттик сыйлыктан ажыратууну министрлик эмес, сот чечиши керек деген пикирин билдирди.

"Адамды сыйлыктардан, наамдардан же артыкчылыктарынан ажыратуу жөнүндө маселе сот тарабынан чечилиши керек. Бул үчүн ушул сыйлыктарга ээ болгон адам биринчи кезекте кандайдыр бир кылмыш үчүн жоопко тартылышы жана соттолушу керек. Күнөөлүү экенин далилдеген өкүм чыгышы кажет. Сыйлыктардан жана наамдардан ажыратууну сот аныктайт. Менин оюмча, маданият министри өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чапкан деп сотко даттанса болот. Адеп-ахлак жана этика маселелери бир чиновник же ведомство тарабынан чечилбеши керек болгон категория", - деген пикирин билдирди.

Мындан тышкары алып баруучулар Эльмара Турсуналиева, Назира Кадыева, Кундуз Казыбек кызы жана бир топ жөнөкөй жарандар ырчыларды наамынан ажыратпай эле койгон туура деген пикирлерин айтышты.

Ырчы Курал Чокоев чет элдик долбоорду кайталайм деп коомдун сынына кабылып, талкуу чордонунан түшө элек. Артисттин бул долбоорунун айрым үзүндүлөрүн маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков аргасыздан көргөнүн, ырчы эмнеге мындайга барганын түшүнө албай жатканын айтып, элден кечирим сурады. Ошондой эле Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин чыгармачылыгына чектөөлөр киргизилерин айткан.

Ал эми "Марал" радиосу Курал Чокоев, "Кыргыз" радиосу Курал мырза, Кайрат Примбердиев менен иштешүүнү токтотуп, ырларын уктурбай турганын билдиришкен. Ага улай эле "Ош Пирим" ТРКсы Курал Чокоевдин ырларына бойкот жарыялай турганын маалымдаган.

Ырчы айтылып жаткан сындардын баарын кабыл аларын, кетирген каталарынын үстүнөн иштей турганын айтып, долбоорду тартууну улантарын билдирген. Кийинчерээк, ырчы долбоор токтотулганын, буга чейин интернет желесине жарыяланган видеолор өчүрүлөрүн айтып чыкты. Ал эми долбоордун коногу болгон шоу-бизнес өкүлдөрү өздөрүнүн пикирлерин билдиришкен.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(42)
13.01.2021. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Алыш керек наамдарын, мамлекеттик, жеке телевидение жана радиолордон ырларын алуу керек.
13.01.2021. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Рас болуптур, ажап болуптур. Айдап салыш керек, керек болсо. Беймарааал отуруп калян чегииип, сөгүнүп коюп, канча адам көрдү. Темасы страшно экен, тооба. Мен деле сөгүнөм деп эмнеси, чыккыла анда теледен биринин артынан экинчин сөгүнүп.
13.01.2021. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Акча иштейм деп эле уят видеолорду тарката берсек аягы эмне болот, жакшылыка алып барбайт, билип алгыла урматтуу маданият өкүлдөрү!
14.01.2021. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Belek1710,жакпаса корбо сен да корсон кк .
13.01.2021. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Кайрат Примбердиев кечирим деле сураган жок, пусть алынсын наамы
13.01.2021. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Колдогондор ушундай видеону балдарынар ата энелеринер менен коро бергиле.Бут Кыргызстан каршы болуп атат анан 5-6 ырчы соройлор чыгып алып уят деле эмес дейсинер
13.01.2021. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Көзө бир күндө сынат болду бул жагы..
Алыш керек сыйлықтарын.
13.01.2021. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Ушуларды колдогон артисттер аларда ушулардын шеригида.
13.01.2021. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Бизде баары эле кылар ишти кылып алып артынан кечирим сурап эле журот
13.01.2021. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Эркин наамың ашыкча болуп жатса тапшырып кой, ал эми өз алдынча сөгүнгөн бул такыр башка маселе.
13.01.2021. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
rafo80,тупа туура. Эркинди сыйлачу элем көрсө ал да ушулардын бирөөсү турбайбы. Ага да ашыкча болуп атыптыр да.
13.01.2021. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Эмне кылгылыкты кылып коюп аркасынан Мирбекке окшоп билмексен болуп кечирим сурап койсо боло береби. Кечирим суроо силерге эненердин оюнубу.
13.01.2021. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Алыш керек кийинкилерге сабак болот
13.01.2021. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Эркин Рыскулбеков элдин баары согунот жеп согуно берелиби жонокой адамдардан айрымалнган маданияттын жузу болуп атпайсынарбы жонокой согунон адамды жазалап аткан жокко акыры. анда кийинкисинде жыланач чыгышат эчнерсе кылбай кечирип койсо мисалы министр мырза . Андай жаман адат кошогонун аркасында болот маданияттын адамдары ушуларды актабай эле койбопсунар уялдым коргондон чын айтканда
13.01.2021. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Алынышы керек!
Атамбаев айтмакчы "чтоб другим не повадно было"
13.01.2021. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ириген ооздон чириген соз чыгат. Булар таанымалдыгына кооп кетиштиби? Казанда эмне болсо чомучко ошол чыгат дейт го бизде. Демек болгон маданияты ушул да бул эркектердин. Канчалык таланттуу, белгилуу болсон да, жеке адамдык ан-сезимин онукпосо баарибир!
13.01.2021. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
ырчы тамадаларга ушундай чара коруш керек.антпесе уят дегенди унутушкан булар ресторан тойлордо кайнатасы менен келинин элдин алдында бийлетип тамаша кылышат.ошолорго элдер да чогуу каршы турбаса болбой калышты
13.01.2021. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Нуржигит эн жакшы иштеп жатат
13.01.2021. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Өзү буларга эмне себептен наам берген эле?
Кайраттын бир эки конкурска катышканына элеби?
13.01.2021. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Kanatbek-Orunbaev,ак эмгеги менен алган эмеско ошол үчүн алса алсын деп кыйын болуп жүрөт чокой
14.01.2021. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Пусть алынсын, маданият кызматкери деген наамга татыктуу болуш керек. Коом ушул мадания кызматкерлери коруп, маданиятуу болуга аракет кылыш керек. Булардын кылык жоругун коргон, биздин кийинки муун кандай тарбия алат. Ансызда азыркы жаш муундун тарбиясы алда канча башкача, ата энесине, бир туугандарына мээримсиз боло жатышат. Европаны туурабашыбыз керек. Кайра алар бизди туурачудай коом тузушубуз керек.
14.01.2021. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Передачаны уюштурган Курал,телеберуусуно чакырган Курал,беруунун шарты боюнча согунттургон,кальян чектирген Курал,баарын баштаган Курал анан эмне Примбердиевге асылып жатышат,тушунбойм,причём тут Примбердиев?! Россияда кыргыздын атын чыгарып журбоду беле! Аны илештирбей эле койгулачы,сураныч...
14.01.2021. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Nur777,минусту жаадырып ийипсинер го) Мен колдоп аткан жокмун,Куралды го жазаласа болот,ал эми Кайрат жон гана катышуучу го дейм.
14.01.2021. 08:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Наам бул жон эле берилбейт билесинерда. Эмгеги сингенден берилет, булар кечее эле чыгып алып кандай Эмгеги синди.алып туура кылат министирлик. Анан коро наам ала албай жургон Эмгеги синген уулу ырчы куудулдар бар ошол орго бериш керек.
14.01.2021. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сен Кыргыз эл менен ушул даражага жеткенсин, тоюна доллар берип чакырып,ырларынды угуп, озунчо дуйнолук артист сыяктуу сезесинго, алыска барба кошуна олкого чыгып мен жылдызмын дечи кочугыно бир тебет, элден айланып кет
14.01.2021. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Маданият жонундо Гулзат мамытбектин оюн сурап калсанар жеткен экенсинер чегинерге, соз жок,только плохие эмоции.
Rusi79 түзөттү 2021-01-14 10:23:47
14.01.2021. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биз милицияларды айтабыз карга карганын көзүн чукубайт деп, бул деле ошондой эле болуптур.
14.01.2021. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кайрат Примбердиевдин согунгонун кордум,бул видеону коргон адам каргап отот созсуз.Каргыштан коркпогон неме экен...Уят,уят,уят.Сыйлыгынды озун апарып бер убара кылбай Эркин сенин сыйлыгын мамлекетке отсо музейде калат.Эмне кыласын уйундо чаң басып жатат и так эле.Тим эле меникинда ал деп.Бала-чаканар менен уй-булоонор менен ушинтип согунуп бейбаш элдин мазасин алган передачанарды корот беленер,ошондода туууй ата эмне дейт деп чоочуп журмоксунор.
14.01.2021. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Примбердиевди макул кечирсе болчудай ал эми Чокоевдин ишин серьёзно эле кабыл алыш керек, эгер азыр жакшы чара колдонулбаса эртеге башка жаш ырчылар да баштайт сахнага чыгып согунгонду. Чокоев уят сага тарбиянды сенин. Уй булоон менен чогуу жатып алып суткалап коргуло передачанды, анан балдарын кандай тарбия менен чонойду коробуз анан айбан
14.01.2021. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай "белгилүүлөрдөн" сурапсыңар го
14.01.2021. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Пожалуйста эл суйлосо дагы Гулзат Мамытбек суйлобосунчу, биринчи озун тарбиялап алсын, бироого кенеш берерден мурун, тем более сиздин оюнуз эч кимди кызыктырбайт.Россияны бутуруп эми Турция га бардынызбы аларды дагы алдап кетейин деп.Айтор эн биринчи сизге ыйман берсин Гулзат эже.
14.01.2021. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Курал Чокоев каалса озум алып барып берем, мага ал нерсе кереги жок деп эми характеринизди корсотуп, суйлоордун мурун 100 жолу ойлонуш керек, эми анан калпеле актанбай эле койунуз,Маданият министри менен толук макулмун алып койсун наамдарын, экинчи бир жаман соз айтаардан мурун ойлонуп калат.А Кайрат Примердиевдикин кечирип койсо болчудай ал болгону катышуучу экен.
14.01.2021. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Калыны жок кыздын кадыры жок дегендей, мээнет менен келбеген наамдын да баркы жок окшойт го.
Маданият кызматкери аты айтып тургандай маданияттуу болуш керек!!!
14.01.2021. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи эле мамлекеттик наамдарды жок кылыш керек
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: