super.kg logo

"Кечирим сурагандан кийин наамын албай эле койгон туура". Кайрат Примбердиев менен Курал Чокоевге көрүлө турган чара боюнча белгилүүлөрдүн пикири

 

Ырчы Курал Чокоев чет элдик долбоорду кайталайм деп коомдун сынына кабылып, талкуу чордонунан түшө элек.

Бүгүн, 13-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомчулуктун терс реакциясын жараткан чуулгандуу программанын автору Курал Чокоевди Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисинен ажыратты. Ал эми чуулгандуу долбоорго конок болгон Кайрат Примбердиевди Эмгек сиңирген артисти наамынан ажыратуу сунушу президенттик аппаратка жөнөтүлгөнү маалымдалды.

Аты аталган ырчыларды наамынан ажыратууну колдогон да, колдобогондор да болууда. Шоу-бизнестин айрым өкүлдөрү ырчылар кечирим сурагандан кийин наамын албай эле койгон туура деп эсептейт.

Телеалпаруучу Эркин Рыскулбеков ырчыларга коомдун катуу сыны деле жетиштүү болду деп эсептейт. "Ырчылар элдин талкуусуна түштү, урулду, согулду. Төш белгисин алып маданиятты алдыга жылдыра албайсыз, урматтуу министр мырза. Мен деле сөгүнөм, анда менин да төш белгимди алгыла", - дейт.

Ал эми алып баруучу Нурзат Токтосунова мырзалар жаңылып, катасын түшүнгөнүн айтат.

"Эки ырчыны 15 жылдан бери жакшы жагынан гана билчүмүн. Жаңылды, туура эмес болуп калды. Бирок 20 жылдык эмгектерин, сыйлыктарын албасак. Катуу кетпейли, сабак болсун баарыбызга".

Өзүн "кыргыздын деми" атаган, кийинчерээк ырчылыкка ыктаган Гүлзат Мамытбек дагы наамды алып коюуну туура эмес деп эсептейт.

Медиа эксперт Акмат Алагушев мамлекеттик сыйлыктан ажыратууну министрлик эмес, сот чечиши керек деген пикирин билдирди.

"Адамды сыйлыктардан, наамдардан же артыкчылыктарынан ажыратуу жөнүндө маселе сот тарабынан чечилиши керек. Бул үчүн ушул сыйлыктарга ээ болгон адам биринчи кезекте кандайдыр бир кылмыш үчүн жоопко тартылышы жана соттолушу керек. Күнөөлүү экенин далилдеген өкүм чыгышы кажет. Сыйлыктардан жана наамдардан ажыратууну сот аныктайт. Менин оюмча, маданият министри өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чапкан деп сотко даттанса болот. Адеп-ахлак жана этика маселелери бир чиновник же ведомство тарабынан чечилбеши керек болгон категория", - деген пикирин билдирди.

Мындан тышкары алып баруучулар Эльмара Турсуналиева, Назира Кадыева, Кундуз Казыбек кызы жана бир топ жөнөкөй жарандар ырчыларды наамынан ажыратпай эле койгон туура деген пикирлерин айтышты.

Ырчы Курал Чокоев чет элдик долбоорду кайталайм деп коомдун сынына кабылып, талкуу чордонунан түшө элек. Артисттин бул долбоорунун айрым үзүндүлөрүн маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков аргасыздан көргөнүн, ырчы эмнеге мындайга барганын түшүнө албай жатканын айтып, элден кечирим сурады. Ошондой эле Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин чыгармачылыгына чектөөлөр киргизилерин айткан.

Ал эми "Марал" радиосу Курал Чокоев, "Кыргыз" радиосу Курал мырза, Кайрат Примбердиев менен иштешүүнү токтотуп, ырларын уктурбай турганын билдиришкен. Ага улай эле "Ош Пирим" ТРКсы Курал Чокоевдин ырларына бойкот жарыялай турганын маалымдаган.

Ырчы айтылып жаткан сындардын баарын кабыл аларын, кетирген каталарынын үстүнөн иштей турганын айтып, долбоорду тартууну улантарын билдирген. Кийинчерээк, ырчы долбоор токтотулганын, буга чейин интернет желесине жарыяланган видеолор өчүрүлөрүн айтып чыкты. Ал эми долбоордун коногу болгон шоу-бизнес өкүлдөрү өздөрүнүн пикирлерин билдиришкен.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(42)
13.01.2021. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассоль Молдокматова дагы айтып чыкты
13.01.2021. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+40
Ырчылар,артисттер бири-биринерди колдогонунарды койгула!Булар оз жазасын алууга тийиш!Сот чечиш керек деген урматтуу Акмат Алагушев,сот чече турган иш эмес,министрлик чечет,эл чечет.Эгер сиздерге ошол видео жакса,уйунордо балдарынар менен кундо коруп жаткыла!
13.01.2021. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-28
Mister-XXX,
Молодцы ырчылар. Биригип озунорду колдоп тургула. Нуржигитке окшогон молдолордон пайда чыкпайт. "Ыйман" боюнча эксперт болбой эле койгула ары жоктор.
13.01.2021. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
narynbek2001,Сен кайдан тушкон "акылдуусун"?Ушунча адам каршы чыгып жатса,сенин башына эмнеге жетпей жатат?Ак менен караны,жакшы менен жаманды,таза менен бузуктукту,адеп менен тартипсиздикти айырмалап журчу.Ошондо адам болосун.Сенин пикирине эч ким кошулбайт.Сен коментарий жазганда бир байкуш бечара деп гана карап,боорум ооруп отуп кетем.Бул дуйнодо жаралып жакшы менен жаманды айырмалай албай,ыймансыз отуп кетеби деп журом...
Mister-XXX түзөттү 2021-01-13 21:40:00
14.01.2021. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
Mister-XXX,
Курал силердин нанынарды тартып алган жок. Киши олтургон жок. Кыргыздар ушундай учун жакыр, кедей элбиз да, чыдамыбыз жок. Куралды колдогула. Молодец Курал.
14.01.2021. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Janyl98,Америкада жыланач сүрөтүн сайтка чыгарган Кардашьянды да Америкалыктар сындаган.
Орустардын да белгилуу адамдары жыланач чыкса сындашат.Эмнеге силер аларды корбойсунор?Нанымды тартып алган жок,кыргыз элинин каада-салтына,маданиятына чыккынчылык кылып жатат.Эгер оз элине каршы иш жасаса,аны чыккынчы дешкен.Ал эми чыккынчыларды баардык олколор оор жаза менен жазалайт.Эгер кыргыздар сага жакпаса,чет жакка чыгып кете бер.Эч ким кармабайт.
Mister-XXX түзөттү 2021-01-14 02:34:04
13.01.2021. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Карга карганын козун чркубайт болуп жатат.
13.01.2021. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Урматтуу, алып баруучу уйдо озунчо баары эле согунот го деп ойлойм. Ошончо элдин алдына чыгып ашкере кылып, атайы озуну пиар кылып согунгон ошол маданияттын мыкты кызматкеринен сыйлыкты алып койуп ырас эле кылыптыр.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: