super.kg logo

Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу соттук отурумга катышкан жок. Отурум 18-январга жылдырылды

 

Бүгүн, 13-январда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге карата соттук териштирүү уланууда. Анда Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу сот процессине келбей калганын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

"Алмазбек Атамбаев соттук териштирүүнү анын катышуусу жок өткөрүүнү суранган арыз кат жазган" , - дейт жактоочу.

Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы төмөндөгүдөй маалымат таратты.

"Айыпталуучу Алмазбек Атамбаев ооруп жаткандыгына байланыштуу алынып келбегендиктен, бүгүнкү соттук отурум 18-январь саат 16:00гө жылдырылды" , - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Алмазбек Атамбаев өтүп жаткан 3 иш бар. Алар Кой-Таш окуясы, Бишкек ЖЭБин жаңылоо жана Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин жер тилкелери боюнча бардык иштер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.01.2021. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул чондор коррупционерлер кузгундар жегичтер кан соргучтар сотко иши отсо эле ооруп кала бергендери кызык. Бироону какшатып атканда эч ким оорубайт
14.01.2021. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оорумактан өлүп баратсада эл алдына жооп берип мамлекетин карыздарын төлөп жегендерин кусуп анан өлмөктөн аары барсын бул Атамбаевтин бизге эмне кереги бар.ушу жегичтер күйгүздү сурак башталса эле ооруп калаберип шүмшүк акмактар жеп жатканда какап өлүп калбапсынар эшектер.сөзда жок буларга.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: