super.kg logo

"Табалаба, таяп кой, элим". Наамдары жокко чыгарылган ырчыларды колдогондордун аягы суюла элек

 

Ырчы Курал Чокоев чет элдик долбоорду кайталайм деп коомдун сынына кабылып, талкуу чордонунан түшө элек.

13-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомчулуктун терс реакциясын жараткан чуулгандуу программанын автору Курал Чокоевди Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисинен ажыратты. Ал эми чуулгандуу долбоорго конок болгон Кайрат Примбердиевди Эмгек сиңирген артисти наамынан ажыратуу сунушу президенттик аппаратка жөнөтүлгөнү маалымдалды.

Жокко чыгарылган наамдар боюнча каршы пикирлерин билдиргендердин аягы суюла элек. Шоумен Урмат Борченов зордукчул, зөөкүр, паракорлор жүргөнүн, ал ортодо ырчылардан кечирим суратып, наамдарынан ажыратып эмне таптык дейт.

"Маданият адамы саясатка аралашпаш керек, жарандык позициясын айтпаш керек, дагы кандай чектөөлөр бар? Маданият адамы биринчи кезекте адам. Демек, милдети менен кошо өз эрки, укугу, милдети бар. Таарынганбыз кимге? Алдырабыз жинге. Ырчыга чыгарып күчүбүздү, ажыратабыз дейбиз сыйлыкты. Ооба, кылыптыр алар былыкты. Бирок жазалоо биздин колдо эмес. Мыйзам бузса сот, күнөө кылса Кудай алдында жооп берет. Демек, сөгүнөбү, урушабы өз эрки. Досторумду жактабайм, иш-аракеттерин актабайм. Бирок Кайрат менен Курал кыргыздын чыныгы азаматтары. Аларга муктажбыз, алардын пайдасы чоң. Айкөл элим, табалаба, таяп кой, кечирип кой", - дейт ал.

Бийчи Атай Өмүрзаков бийликтин кылганына сын айтты.

"Ким эмне кааласа ошону алып чыгат. Туура же туура эмес деп баа берүү меники эмес. Мен биздин бийликтин мындай реакциясын гана сындап жатам. Пайдасыз наамды берип, анан алып койгон негизсиз. Мен шоуну көрө элекмин жана колдобойм. Авторлор өздөрү билишет, ал үчүн кечирим сурап, долбоорду жабышты. Кайрат Примбердиев менен Курал Чокоев таланттуу адамдар жана андайлар саналуу гана. Ушундай кырдаалдан улам алар өлкөбүздөн чыгып кетет деп корком", - деген пикирин калтырды.

Ал эми ырчы Чолпон Талипбек чуулгандуу программаны көрүү ар кимдин өз эрки дейт.

"Ютуб көз карандысыз талаа. Бул окуянын айланасында болуп жаткан ызы-чууну түшүнбөйм. Программаны көрүү же көрбөй коюу адамдын өз эрки. Долбоорду мамлекеттик каналдарда көрсөтүлгөн жок, интернеттен издеп көргүлө деп кыйнаган жок. Болгону менин кесиптештеримдин кадыр-баркына гана таасири тийди. Ал эми интернетте контент түзүү ар кимдин каалоосу жана укугу. Мен бул долбоорду колдобойм. Мен цензурага, диктатурага каршымын. Менимче, биздин өлкөдө чечүүгө зарыл болгон реалдуу эле маселелер бар".

Министрликтин наамдар тууралуу кабыл алган чечимин колдогондор да жок эмес. Алардын катарында коомдук активист Кубанычбек Баялиев, акын Бердибек Жамгырчиев бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(25)
14.01.2021. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Бердибек катынча жүрөт дайыма
14.01.2021. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nurbany,
Сен жапайы тушунук, туркойлук менен жашаган адам экенсин. Кыргызстанда "ыйман" сыяктуу тушунуктор менен "наамдар" ажыратылбашы керек. "Ыйман" сыяктуу тушунукторду сага окшогон жапайлар ар кандай божомол менен тушуно беришет. Ошону билип журолук.
15.01.2021. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Nurbany,Бети жок. Акынын кадырын,Аялдын кадырын билбеген акмак.
14.01.2021. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Зордукчул, зоокур, паракорлор журот деп. Же эмнеге башкалары антпейт мынтейт деп атаандашпастан ар Ким озгорууну озунон башташ керек. Эмне учун маданият окулдору дейт силерди? Маданият деген создун маанисин менден Жана башкалардан силер кобуроок тушунушунор керек деп ойлойм.Силер элге улгу болчу адамдарсынар.Айта берсе соз коп.
14.01.2021. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Демек,маданият тармагында жалан маданиятсыздар чогулган экен да.Улуу муундагы эже,агайлардан да сурап коргулочу.Азыркы жаштар маданият,салт,намыс дегенди тушунбойт окшойт.
14.01.2021. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Артистер озунорду современный сезе бербегилечи, Кыргыз эмнеси менен Кыргыз каада салты, урп адаты, тили, намысы менен Кыргыз. Батышты турагын келсе чык чыгып кет ошол гейлерди колдогон олкого барып жаша
14.01.2021. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Булардан башка жанылык жокбу...кечке чыгара бересинер арамдарды
14.01.2021. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Курал өзүн өтө эле бийик сезип алгандай токтотпойм уланта берем деп чыкты кийин пайдасы жок бир барак менен төш белгинин мага кереги жок дегендей кыйытты.Менин жеке оюмда адам бир нерсе жасаарда жети өлчөп,жакшылап ой калчап анан жасаса анын шоусун көргөн уккан ата энеси бир туугандары кандай ойдо болду кайын журту деген бар.Колдогондорго такыр кошула албай келем.
14.01.2021. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Наам бергенде жакшы. Косягы учун алып койсо кокуй жаман))
Тыыыынчле кичи пейилдик кылып, эркектей бир ооз "кечирип койгула" деп койсо болотда. Кундого ар нерсени бир айтып, ар видеону чыгарып чычалабай.
14.01.2021. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушунча согунуп канча элдердин жинине тийишти.Анан кечирип койгула эми мындай видео тартпайм деп коюшса бутмок ошондо эле.Кайра коркутушатго тоону томкоруп коюшкансып
14.01.2021. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Экоо тен бир нерсени кыйраткансып учуп калышкан озгочо кайрат. Эркек болушса унчукпай эле оздору тапшырса жакшы болмок
14.01.2021. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чыкса чыгып кете беришсин Курал мн Кайрат башка олкого аларсыз жашоо токтоп калмак беле...
14.01.2021. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жалан оздоруно окшош адамдар колдош уптур
14.01.2021. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Булар элита ырчылар да,бизнесмен ,олигархтарга кошулуп жаңы президентке каршылар баары.
Карапайым эл менен жөнөкөй,ырчылар колдошот жаңы бийликти.
Атабеков баш болуп,Рыскулбеков,Чокоев,Примбердиев,Талипбек,Анжелика,Айтбекова,Жамгырчиева,иши кылып орусча кыйын билген маданияттын элиталары.коп кочугунорду кычыштырбай кыскыла,элдин баарына жаман көрүнүп калгансынар октябрда.Мирбектин артынан Америкага барып согуно бергиле,каалашынарча.элди тупой ойлоп атасынарбы.
14.01.2021. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Зордукчул педофилдер пара корлор деле жүрүшпөйбү деп анда кашабыз чыгып жүрө берелиби. Буларды бир тойго чакырымыш болуп оптом эле баарын сабап салбайлыбы туугандар бүт эле куралга эле окшоштор турбайбы.
14.01.2021. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Колдогондордун баары оздоруно окшогон маданиятсыз адамдар экен кайсы арынарга кыргызбыз деп журосунор салт санаа урп Адат деген бар маданият кызматкерлери элдин улгусу дешчу эле ушуларбы бизге улгу болчулар буларды коргон балдарыбыз келечек муундарыбыз эмне деген тарбияны алышат. Курал чон эле кишисин элден уялбасанда тууган урук бала чакандан уялбайсынбы же уйундо балдарына ошондой тарбия бересинби
14.01.2021. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул болушуп жаткан маданият адамдары маданият эмне экенин билесинерби озу. Маданият адамдары да ушундай болобу?
14.01.2021. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Значогуна кошуп паспортунд агы тапшырып коюшсун.
14.01.2021. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тан кала турган деле нерсе жок бул жакта. Маданият тармагы карупциялашкан да. Татыктуу эместерге наамдын баарын сатып салышып жыйынтыгын азыр коруп жатабыз. Наамдарын падряд алып салыш керек. Мен даже тан калдым Токтобубу Черикчиева эжеге эмгек синирген артист наамын бере электигин угуп.
14.01.2021. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Баарынын наамын алышсын.Бизге озу жакшылык жакпайт.
14.01.2021. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ооо ана сага жаштар комитети.Силерда тапшыргыла Эркинден каласынарбы.Атайчик сен нараак эле жур жолобо.Эл менен ушу даражага жеттинер эмнеге кайсы арынарга кыйын болуп,кайсы ботинки менен колдоп жатасынар бети жокторду.Уят [moderated] коз карандысыз болгон чакта дагы пожаловаться деген баскыч бар чырагым.Эми арка алдынарды карап иш тутасынар эркинбиз деп чектен чыккан болбойт.Маданият деген кайда калды?Кеп маданияты деген бар,эч болбосо суйлогон созунордо маани-маныз болсо кана.
14.01.2021. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Куралды апам аябай жакшы коруп угат,эжем экобуз Курал менен Кайрат экоону соз кылып атсак.Апам аларга не болуптур деп сураса,эжем айткандан уялып ,мага козун кысып экоо дуэт жаздырып атыптыр десе,апам азаматтар экоо тен таланттуу балдар деп койот.
14.01.2021. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охоо Атайга тан калып атам. Чолпон дегенге жакса керек андай сөздөр. Окшошкондор десе. Жалан кечээки манкалар сүйлөп атышат, кана аксакалдары не унчугушпайт. Ошолор менен маслатташип анан сүйлошпөйбү. Үйдө деле ата энен менен сүйлөшүп анан иш кыласын го.
15.01.2021. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаштар азыр ТВ корбойт, а именно ошол кайсыл интернет тармагында бейбаштык, тарбиясыздык болуп жатса ошол нерсени корот. Эми беруунун максаты эмне ошондо, ар бир беруунун максаты болот да! Максатсыз, маданиятсыз Жана тарбиясыз адамдар наамдан айланып кетишсин! Эми ушул уятсыздыкты маданият адамдары кылса ото эле начар го!!!
15.01.2021. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эптемей ырчылардан эмес, Кыргыздын каймактарынан сурамжылоо кылса эң туура болмок. Булар ким, кечээги эле чыккан ырчылар,2ырды жаздырып ырчымын деп өзүн бийик сезгендер. Чолпон Талипбекке окшоп жарым денесин көргөзүп жүргөндөр маданияттын Мсын түшүнмөк беле.Кана улуу муундун ырчыларынан, Акын жазуучулар дан, чыныгы маданияттын адамдарынан сурашсынчы бирөө колдойт бекен? Ырчыларга лицензия берип анан ырдатабыз деген Маданият министринин сөзүнөн кийин, эптемейлер бир чогулуп, каршы болуп жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: