super.kg logo

Жактоочу Жоошев: "Баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу судьяга өтүнмө киргизилери менен ал аны дароо караса болмок"

 

Бүгүн, 14-январда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук териштирүү улантылды.

Анда иш боюнча айыпталуучулардын бири, мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча судьяга өтүнмө келтирилери маалымдалган.

Бүгүнкү сот процессине айрым катышуучулар келбегенине байланыштуу отурум жылдырылды. Ал эми Атамбаевди үй камагына чыгаруу боюнча өтүнмө айрым катышуучулар отурумга келген жок деген жүйө менен каралган эмес. Жактоочу Замир Жоошев судьяга өтүнмө кагаз жүзүндө негизделип киргизилгенин жана аны судья дароо караса болмок деген пикирин билдирди.

"Баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу судьяга өтүнмө киргизилери менен ал аны дароо караса болот. Себеби баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартуу маселеси башка катышуучулар келбей калса деле каралат. Ал эми баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси боюнча, башка катышуучулар жок караса болору мыйзамда көрсөтүлгөн эмес. Бирок ошол эле маалда тыюу салуу дагы жок. Судья караса болот. Анткени адамдын эркиндикке болгон укугу жогору турат" , - дейт жактоочу.

Ошондой эле Биринчи Май райондук сотуна Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары да келген. Алар колдоруна "Атамбаевге боштондук", "Атамбаев акталсын", "Батукаевдин иши жалган жалаа" деген плакаттарды көтөрүп турушту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.01.2021. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо дежурный адамдар тушунорду барып сууга айткылачы кылмышы болгон учун отурат да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: