super.kg logo

Өлкөгө 20 тоннадан ашык жүзүмдү контрабанда жолу менен алып кирүүгө аракет кылган адам кармалды

 

Өлкөгө 20 тоннадан ашык жүзүмдү контрабанда жолу менен алып кирүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган товардын жалпы наркы 1 миллион сомдон ашат.

"Евразия экономикалык биримдигинин аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери Ош облусунда С.Б.С. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “Вольво” үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын “Schmitz” маркасындагы чиркегичи менен токтотуп текшеришкен.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 20 миң 720 кг болгон жүзүм табылган. Кармалган товардын жалпы наркы 1 миллион сомдон ашат", - деп айтылат маалыматта.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: