super.kg logo

"Мүмкүнчүлүк берип көрүш керек". Самара Каримованын окуу жайга директор болушун көпчүлүгү колдошсо, айрымдар колдогон жок

 
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына директор болуп дайындалды. Бүгүн, 15-январда эмгек жамаатка жаңы жетекчи тааныштырылды.
Ырчынын директор болушуна окуу жайдын эмгек жамааты нааразы болушту. Бирок көпчүлүгү Самара Каримовага мүмкүнчүлүк берип көрүүнү айтып чыгышты. Алардын катарында ырчы, дастанчы Азиз Батыров бар. Ал Ниязалы Борошов атындагы окуу жай чындыгында жаңыланууга муктаж дейт.
"Мен аталган окуу жайга студент кезимден эле барып жүрөм, айрым мугалимдер менен жакшы мамиледемин. Бирок бир нерсени айтып коюуну туура көрдүм, балким, мени жаман көрүшөттүр. Музыкалык окуу жай чындыгында жаңыланууга, оңдоп-түзөөгө да муктаж. Окуу жайдын жатаканасына канча убакыттан бери оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлө элек. Класстык бөлмөлөр, кабинеттер сабак өтүүгө ыңгайсыз.

Өнөр адамы катары бир нерсени айткым келет, жаштар келсин, жаштар иштесин дейбиз. Самара Каримова мыйзамдуу түрдө жетекчи болуп барарда эмгек жамаат каршы болуп чыкты. Мен дагы окутуучумун, Арабаев атындагы окуу жайдын музыка бөлүмүндө сабак берем. Жаштарга бут тоскондук туура эмес деп ойлойм. Каримованы жакшы тааныйм, студент кезде бир тайпада окуганбыз. Ага да мүмкүнчүлүк беришсе жакшы болмок. Анткени Самара Каримова ошол жайды оңдоп, жакшы нукка буруп, гүлдөтөрүнө ишенем. Мен кесиптештеримден өтүнөт элем, жаштарга бир мүмкүнчүлүк берип көрүңүздөр. Кремлге чейин барып концерт койгон Самара Каримовада лидерлик сапат бар", - деди ал.
Ал эми ырчы Бишкек шаарындагы Шубин атындагы балдардын борбордук музыкалык мектебинин директору Гүлзинат Суранчиева мындай оюн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Самарага кеңеш берет элем. Биринчи ошол мектепке 5-10 жыл мугалим болуп иштеп, жыйынтык көргөзүп, анан директор болом десең болот. Азыр сен жашсың, директор болуш оңой иш эмес. Ал Ош шаарындагы чоң музыкалык кадрларды даярдоочу мекеме, менин билишимче, ал жерге консерваторияны бүткөн адам профессионалдык музыкалык билими бар, бир музыкалык аспапты чеберчиликте черткен адам болсо жарашат. Мен мугалимдердин өрттөнүп жатканын түшүнөм, анткени алар ушундай кадр болуш үчүн 20 жыл окушкан, ошол үчүн сени эч качан тең кадр катары кабыл алышпайт. Ар бир ишке алыңды ченеп киришсең болмок".





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(19)
15.01.2021. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Ой молодец Гүлзинат Суранчиева бетке айткан адам жакшыда Чамара кетчи чалды карап отур үйүңдө.Сен мугалим болуп иштеп стаж топто анан бар.Бай чалындын акчасына коппой
15.01.2021. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Суранчиева туура айтат биринчи мугалим болуп иштеп корсо болмок.
15.01.2021. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Акчан болсо баардык нерсени сатып алганы болот экенда.
15.01.2021. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Пулуң болсо калтаңда,талтаңдасаң талтаңда болуптур да .
15.01.2021. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Самараны кабыл албай коюшуптур иштегендер уят да дагы кайсы бети мн соттошот экен.
15.01.2021. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Гулзинат Суранчиева эже туптуура айтыптыр мына ушундай болуш керек маданият өкүлдөрү калыстуурак менен жүрсөңөр бири бириңерге эле кошомат кылып косяк кылып атса да колдоп коштоп уй боор боло калбай.
15.01.2021. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Акылдуу кызсың Гүлзинат
15.01.2021. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Гулзинат туптуура айтыптыр! Ушундай акыл эс тиги шумдугун кургурда болсо кана.
15.01.2021. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
Ооба мумкунчулук берип коруш керек.
15.01.2021. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Энесиндей аялдар менен кантип иштешет эми, алар Самарадан мин эсе күчтүү специалист да. Же атасындай эркекти башкарып көнүп калган үчүнбү. Бирок барибир туура эмес, кетип эле кал, уяяяят.
15.01.2021. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мүмкүнчүлүк бергидей эксперимент жасай турган предмет эмес ал чоң бир мекеме окуу жай социалдык объект
15.01.2021. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кайсы копчулукту айтып атасынар? Ырчыларбы? А Копчулук элчи? Элдин кобу каршы болуп жатат го,соцсеттин 95%и негатив жазышыптыр: бийликке,депутаттыкка жетиш учун директор,жетекчишик кызматта иштеди деген пункт керек да трудовая книжкасында...Аске экоону планы ушу да,депутат болуп алышса Ошту каалаганындай бийлейбиз деп жатышса керек.
16.01.2021. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Канча жыл стажы барекен 5,10 жыл иштепкойсо пускай директорда болуп корсун
16.01.2021. 06:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Суранчиева азамат, туура айтат!
16.01.2021. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулзинат эжебиз туура айтып жатат. Ал окуу жайда окуганын менен дароо директор болуп отурган сага оной иш эмес. Биринчи ошол окуу жайга барып мугалим катары эмгегинди синирип иштеп кор анан отурсан жарашат эле бирок бул кылганын туура эмес.Акчасы барлар гулдотуп жиберем жасап жиберем деп мактанышат. Иш жузундо келгенде эч бир ишти алып бара алышпаган адамдар акча менен креслого отургандар кобойуп кетти. Туура эмес Самаранын кылганы
oblps түзөттү 2021-01-16 09:10:20
16.01.2021. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окуу жайды кызматкерлери да туура айтып жатышат. Директор болгонго али Самарага жаштык кылат.Эч кандай иш жузун алып бара албайт дагы мин жолу соттошкону менен. Кызматкерлери туура кылат ал окуу жайга эмгеги синген стажы бар профессорлор жана маданият мыкты кызматкер директор керек. Самара айым акчасы коптугуно кызыгып отурам деп ойлоп жатат.
16.01.2021. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура соз
16.01.2021. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чондор карапайым элдин резюмесин карап олуп кетишет. Жада калса беш жыл тажырыйбасы керек деп жумушка албай коюушат эгер торт жыл тажырыйбасы болсо дагы. Анда бул ырчынын дагы тажырыйбасын карасын.
17.01.2021. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оз чонтогунон милиондогон акча чыгарып гулдотуп жиберсин ремонтоп? Жатакана сабак отчу болмолорун, музыкальный инструментер сатып алсынчы иштегиси келсе!!?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: