Самара Каримова Оштогу музыкалык окуу жайдын жамаатына тааныштырылууда
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова мамлекеттик жетекчилик кызматка барары маалымдалган. 14-январда Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эмгек жамааты Самара Каримованын жетекчи болушуна каршылыгын билдирип чыгышты.
Жетекчилик кызматка дайындалган ырчы Самара Каримова бүгүн, 15-январда жогоруда аталган окуу жайдын эмгек жамааты менен тааныштырылууда. Бул тууралуу ырчынын жолдошу Асан Мансуров тарабынан маалым болду.
"Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен өкүлдөр келишип, окуу жайдын эмгек жамаатына Самара Каримованы тааныштырып жатышат", - деди ал.
Ырчы мындан 3 жыл мурда бул окуу жайга директор болуп дайындалып, 3 күндөн кийин ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов буйрук негизсиз деп арыз жаздыртпай, билдирме бербей эле кызматтан алып койгон. Мындан улам Самара айым аброюмду, адамдык укугумду тебелеп жумуштан алган деп сотко кайрылганын билдирген.

Азыркы маданият министр түпкүлүгүндө чала молдо, дааватчы, маданият тармагын аркалай албастын көргөзтү. Буга окшогон чала молдолор маданият, искуство тармагы менталитетке туура келбейт деп элге жапайланып жатышат. Ушинтип айткан дааватчыларды угуп, тоого, кокту колотко эле чыгып кеткилечи дейт элем. Жапайы болуп ошол жакта жүрө бергиле.
Анан да анын тиешеси жок Самаранын директор болуп калганына. Аны 3 жыл мурун ким директор кылып шайлаган, ким билет?