super.kg logo

Ырчы Анжелика: "Төш белгини 12 жыл мурда алгам, тапшырып берүүгө даярмын"

 

Ырчы Анжелика чыгармачылыктагы кесиптештери Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин наамдарынан ажыратылышы боюнча пикирин билдирди. Социалдык тармактагы баракчасына жазган билдирүүсүндө ырчы керек болсо төш белгисин тапшырып берерин айтат.

"Эки кесиптешим үчүн жалпы элден кечирим сурайм. Күнөөлүүнү күнөөлүү деш керек! Мен дагы башында ыплас сөздөр менен коштолгон көрсөтүүнү атактуулардын оозунан чыгып жатканын көрүп, демек, булар бизге күндө сөгүнүп жазган комментарторлордун катарын толуктагандардан турбайбы деп ойлоп калгам. Бизге күндө укмуш сөздөрдү жазган адамдар жаныбызды кейитет, капаландырат.

Көрсөтүүнүн мазмуну - бир алып баруучу алдын-ала каарманга жазылган кептерди окуйт экен. Анда жалаң дене органдары тууралуу, адамдын жыныстык ориентациясына асылуу, шылдыңдоо болот. Кайрат Примбердиев жөн жерден илинип калды. Ал дагы каарман болуп барып, айла жок, чычалабастан кошо күлүп кутулган. Курал Чокоев мындан мурда да катталуучуларына колун көрсөтүп “мына силерге” деп пост менен хейтерлерге кайрылган. Мен катталуучу катары ортончу кызым менен Инстаграмды карап жатып көрүп калдым. Демек, жаштардан баштап улуу муун интернетте отурарын, менталитет башка экенин эсибизге тутушубуз керек. Эл жаман жазса да ойлонуп, сабырдуулук менен ишке алаксып жеңиш керек экен.

Чыгармачылыгыңарды курчутуп, альбом чыгарып, концерт берип , элдин силерге болгон сүйүүсүн көрсөткүлө. Эмгек сиңиргенди эки-үч ыры бар ырчылар деле алып, өмүрүн маданиятка арнагандар четте калып кетип жатпайбы. Америкада мындай сыйлыктары жок эле ырчылар дүйнө жүзүн багындырып келе жатышат. “Маданият кызматери” деген төш белгини мен 12 жыл мурун алгам, Эркин Рыскулбековго кошулуп сыйлыкты тапшырып берүүгө даярмын. Эгерде маданият министрлиги бизге көңүл бөлүп, жолугушуу уюштуруп, таанышып, алдыга пландарды жазып, кайрымдуулук, мамлекеттик концерттерди, иш-чараларды чогуу жасайлы, келгиле мындай кылалы деп туура жолго салып, маданиятка чакырыш керек болчу.

Андан дагы чоң проблема - бул фейктер! Фейк баракча менен сайт ачып, журналисттин терисин жамынып, элди кырылыштырып жатат. Биздин атыбызды сатып, карапайым элди тоногондорду кармап, жазасын бериш керек. Азыр сен жаман - мен жаман деген заман эмес. Реалдуу болуңуздар!", - деген ал.

13-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомчулуктун терс реакциясын жараткан чуулгандуу программанын автору Курал Чокоевди Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисинен ажыратты. Ал эми чуулгандуу долбоорго конок болгон Кайрат Примбердиевди Эмгек сиңирген артисти наамынан ажыратуу сунушу президенттик аппаратка жөнөтүлгөнү маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(37)
15.01.2021. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+40
Ушу бок басарсар жаман күйдүрдүңөрго тапшырып бер сен татыксызсың төш белгиге
15.01.2021. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
mirlan2084,
Анжелика сага караганда адамкерчиликти бийик туткан адам
15.01.2021. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Janyl98,бирок аягы суюк
15.01.2021. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
Ырчылардын баары Чокоев учун жашагандай болушту го...
15.01.2021. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+42
Вообще мен ойлойм. Мындай кылып терс корунушту колдоп жаткан СЫЙЛЫГЫН ТАПШЫРЫП жаткандарга коом, биз Эл игнор кылсак жакшы болмок. Тойлорго чакырбай, концерттерине барбай. Инстаграмдан отписывать этип. Эл аркылуу алган сыйлыктары МААНИСИЗ болуп баркы жок болуп жатса анда БУЛАРДЫН ДА (ырчы соройлордун) БИЗГЕ МААНИСИ БАРКЫ ЖОК БОЛУШ КЕРЕК...Телени эл коруп, радиону эл угат. Асманда журуп алыштыбы сыйлыктарын. Эл баалаган учун алышкан
Эми МААНИСИЗ деп.
Pchelka85 түзөттү 2021-01-15 15:55:03
15.01.2021. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
Эмгек кылбай алган сыйлыктын баркы жок.Ошо сыйлыктарды өзүңөрдүн мээнетинер менен алганда алам десе дагы бербейт элеңер.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: