super.kg logo

Талкууланып бүтпөй жатат... Чокоевдин чуулуу долбоору тууралуу кабарлардын ток этери

 

Дээрлик бир аптадан бери эстрада ырчысы Курал Чокоевдин чуулуу долбоору коомдун талкуусунан түшпөй келет. Программанын автору гана эмес анын катышуучусу болгон Кайрат Примбердиевге да долбоордун кесепети тийди. Элдин кыжырдануусун жаратып, алтургай министрликтин ырчылардын наамдарын жокко чыгаруусуна чейин жеткен чуулуу долбоор тууралуу кабарларды башынан аягына чейин топтодук.

* Шайлоого бир күн калганда, тагыраагы, 9-январда интернет желесине Курал Чокоевди жемелеп, аны жоопкерчиликке тартыш керек деген пикирлер суудай агылды. Ага ырчынын Ютубдагы каналына шоу-бизнес өкүлдөрүнүн катышуусундагы долбоорду жүктөгөнү себеп болду. Кийинчерээк, Курал мырза чуулуу программасы тууралуу үн катып, долбоорду тартууну улантарын, Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисин тапшырып берүү даяр экенин айткан.

* Ошол эле күнү артисттин бул долбоорунун айрым үзүндүлөрүн Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков аргасыздан көргөнүн, ырчылар эмнеге мындайга барганын түшүнө албай жатканын айтып, элден кечирим сурады. Министр ырчылар катасын моюнга алып элден кечирим сурабаса наамдарынан ажыратуу каралап жатканын да кошумчалаган. Ошондой эле Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү мамлекеттик маданий массалык иш-чараларга белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо сунушталган.

* Көп узабай эле жергиликтүү "Марал" радиосу Курал Чокоев менен, "Кыргыз" радиосу Курал мырза, Кайрат Примбердиев менен иштешүүнү токтотуп, ырларын уктурбай тургандарын билдиришкен. Ага улай эле "Ош Пирим" ТРКсы Курал Чокоевдин ырларына бойкот жарыялай турганын жар салды.

* Аягы суюлбаган сындардан кийин ырчы сөгүнүү өтө аша чаап кеткенин, программадагы каталарын моюнга алды. "Айтылып жаткан сындардын баарын кабыл алабыз. Бул долбоорду тартууну уланта беребиз, токтобойт", - деп видеокайрылуу жасады.

* 10-январда Курал Чокоев айтылып жаткан пикирлердин басымдуу бөлүгү терс болгонун айтып, долбоорду тартууну токтоторун, буга чейин интернет желесине жарыяланган видеолор өчүрүлөрүн билдирди.

* Аталышын айтууга ооз барбай турган программанын алгачкы коногу шоумен Манас Алыкулов, андан кийин ырчылар Кайрат Примбердиев жана Кайрат Кыргыз болгон. Аты аталган өнөр адамдары долбоор тууралуу өздөрүнүн пикирлерин билдиришти.

* Ал арада элдин жемесине кабылган Курал Чокоев "өлкөдөн чыгып кетти" деген кептер ар тараптан айтылып жатты. Артист айтылгандарды четке кагып, башка өлкөгө кетпегенин, Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кетүү ниети жок экенин порталыбызга билдирди.

* Жарандык көзөмөл комитети Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун отставкасын талап кылып чыкты. Комитет министрдин ырчыларга карата көрүлө турган чараларын адамдын фундаменталдык укуктары жана эркиндиктерине шек келтирет деп эсептейт.

* Ал эми министр Нуржигит Кадырбеков отставкасын талап кылгандар боюнча: "Комментарийсиз калтырам. Отставкамды талап кылгандар кыла берсин. Биз өзүбүздүн жумушубузду аткара беребиз", - деди.

* 13-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомчулуктун терс реакциясын жараткан чуулгандуу программанын автору Курал Чокоевди Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисинен ажыратты. Ал эми чуулгандуу долбоорго конок болгон Кайрат Примбердиевди Эмгек сиңирген артисти наамынан ажыратуу сунушу президенттик аппаратка жөнөтүлгөнү маалымдалды.

* Курал Чокоев жокко чыгарылган төш белги эч кандай мааниге ээ эмес экендигин, аты бар бирок пайдасы жок деп айтып чыкты. Кайрат Примбердиев болсо Эмгек сиңирген артисти наамын министрлик жеке өзүнүн ыйгарым укуктары менен тартып ала албайт дейт. Ырчы коркутуулардан улам аргасыздан видеокайрылуу жасаганын да жашырган жок.

* Наамдары жокко чыгарылгандан кийин ырчыларды наамынан ажыратууну колдогондар да, колдобогондор да болду. Теле алып баруучу Эркин Рыскулбеков тилектештик кылып төш белгисин, ага улай эле ырчы Анжелика дагы Маданияттын мыкты кызматкери наамын кайтарып берерин айтып чыгышты.

* Чуулуу долбоордун форматынан башталган талкуунун уландысы наамдар тууралуу болду. Министрликтин сыйлыктарды алып коюу чарасына жөнөкөй жарандан тартып, аттуу-баштуу инсандар дагы караманча каршы пикирлерин билдирип чыгышты. Ал арада министрликтин жогорудагы көрүп жаткан чарасын колдогондор да болду.

14-январда дал ушул теманын алкагында студиябызга Кыргыз Республикасынын Эл артисти Курмангазы Азыкбаев, алып баруучу Нурзат Токтосунова, КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбеков жана коомдук активист Кубанычбек Баялиев келип, жеке пикирлерин ачыкташты. Пикирлер бир тараптуу болуп калбоосу үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен өкүлдөрдү чакыруу аракетибизден майнап чыккан жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(18)
16.01.2021. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-21
Азыр кыргыздар отоо мыкаачы болоюн деп калыптыр. Коом прогрессивдүү өнүгүүсү үчүн адамдардын интернетте эркин баарлашуусуна эч качан чектөө болбошу керек. Мендалитет, ыйманга жатпайт деген түшүнүк менен наамдарды алып, бирөөнү жамандай берген түркөйлүк. "ыйманды" ар кимиси ар кандай түшүнө берет. Ыйманды, менталитети жамынып алып дааватчылар, түркөйлөр маданиятка, билим тармагына тумшугун тыга бергени туура эмес. Курал менен Кайратка ийгилик каалайм.
asan92 түзөттү 2021-01-16 11:32:08
16.01.2021. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
asan92,Карасам 92 деп турутур жаш окшойсун. Балан барбы?Озу кордунбу чыгарган передачаны? К...н чонбу, эркек эркеке кызыккан,калян чегип, согунгон нерселерди кандай колдош керекби?Башкаларды билбейм мен лично каршымын. Балдарымын келечеги ойлондурат, ушундай нерселер. Уятда озунун ата энеси корсо деле. Европаны туурайбыз дегени туура эмес.
bema_bema түзөттү 2021-01-16 11:43:54
17.01.2021. 05:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
bema_bema,плюс басам деп минус басылып кетти, кечиресиз. А пикириңизди жүз пайыз колдойм.
16.01.2021. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Маданият маалымат министри туура чечим чыгарды. Уят деген болуусу керек. Жаза жакшы нерсе. . . Балдарыбыздын тарбиясы үчүн ар бир адам кам көрүүсү керек!
16.01.2021. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-22
Bakyi,
Азыр ар бир бала согунөт, бир эле Курал эмес, балдар интернеттен тири укмуш, сөгүнгөн, порно видеолорго көнүп деле калышкан. Керек болсо ата энерлер балдарын өздөрү сөгүп, урүшуп тарбиялап келишет.
16.01.2021. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
asan92,жазган создоруно караганда бул айткандарын силердин уйунордо корунуш эле нерсе окшойт
16.01.2021. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
asan92,Сен үй бүлөңдө ушинтип сөгунөсүңөрбү?
Мен үйдө да,көчөдө да сөкпөйм.Даже түрмөдө да сөгүнбөйт.Билесинби ошону?
16.01.2021. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-20
Ыйман, менталитет терисин жамынып алып коомго калп "күн-ай" көрүнгөн түркөйлөрдөн сактай көр. Ээрчиме эл эч качан алдыга жылбайт. Азыр элибиз көркөм, документалдуү тасмаларды көрбөй деле калыптыр, жалаң ким кимди жамандап жатат, эмне деп коркутуп жатат, ошол гана кызыктуу болуп калыптыр. Ушунун баары жаштардын диңге маалынып калганы себеп. Диңге маалынган адамдар прогресивдүү коом жөнүндө эч ойлонушпайт, тескерсинче ага каршы иш турушат. Менталитет дегенди жыйыштыралык.
asan92 түзөттү 2021-01-16 11:46:49
17.01.2021. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
asan92,диҢге эмес, динге. Ананда сиз асылып жаткан адам АКШдан бүтүрүп келген окууну. Ката жазганыңызга караганда АКШда тургай КРда да окубаган көрүнөсүз...
16.01.2021. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Нуржигит болуш аста аста Курал болуш бир паста
Азаматсыз Нуржигит Кадырбеков ишиңизге ийгилик бул жагы эркекче болду
Эми фонограмманы токтотуп бериңиз ошондо эле иргелип калышат мобу артис сөрөйлөр ошондуктан сизге каршы чыгып атышат куралды колдонушуп жанагы аягы суюк Анжелика Гулзат Мамытбек дегендер
16.01.2021. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-26
Asmat84,
Сен Нуржигитке окшогон чала молдо, дааватчыларды мактап, калганын жамандай бер. Мен Курал ийгилик каалайм. Кайрат ишине ийгилик, ишинди улантып, алдыга карай онуго бер. Сенин согунуп койгонун мен учун бир тыйын да эмес. Сен адамсын, сени мазактап, жамандап, сенин жеке турмушунду кысымга алууга эч кимдин акысы жок. Бар бол Курал, аман бол. Баардык ырчыларга ден соолук, онуккуло
16.01.2021. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Janyl98,сен куралдын же Кайраттын канчыгы окшойсуң
16.01.2021. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Наамдарын алып жазалаш керек
16.01.2021. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Ал эми ушундай жаман сөздөр менен эл алдына чыккандан уялбаган маданияттууларга сөз жок, сөзсүз жаза алыш керек, министрлик жаза көрбөсө эртең башкасы да чыгат ыштанын башына кийип уяты жоктор. Министр Азамат, өзүңүздүн ишиңизди аткара бериңиз комментарийлердин карабай
16.01.2021. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Курал мн Кайратка табылбайле калгандыр. Бизди колдоп атат дешип. Бир ооз эле ккчирип койгула дегенде, тынч укташмак кадыр баркын болушунча тушурбой..
16.01.2021. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Согунгон эч нерсе эмес уят создор коруп крышам тайып калдыго кичине эле коруп коркуп кетим аман эле болушсун
16.01.2021. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Казды туурайм деп карганын буту сыныптыр болуптур да
17.01.2021. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларды эл душманы деп койсо болот. Наамын алмак тургай, жоопкерчилике чакырса да болот. Маданият кызматкери деген жаштарга улгу болуш керек. Наамды элге кызмат кылсын деп берет. Булар тескерисинче элдин кыжырына тийип кутуруп жатышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: