super.kg logo

Терс жыйынтыкты көрсөткөн жасалма ПЦР тестин саткан кылмыштуу топ аныкталды

 

Кечээ, 14-январда жасалма ПЦР тест жыйынтыгын ишке ашырган кылмыштуу топ аныкталды. Бул тууралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Финансы полициясынын Сокулук жана Москва райондору боюнча бөлүмү терс жыйынтыкты көрсөткөн жасалма лабораториялык анализдерди даярдоодо жана сатууда мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзгөн кылмыштуу топту кармап, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

"Көрсөтүлгөн кылмыштуу топко кирген жарандар лабораториялык анализдердин терс жыйынтыгы менен маалым каттарды беришкен, ошол эле учурда анализдерге башка медициналык процедуралар жүргүзүлгөн эмес. Көрсөтүлгөн бланктарды даярдоо мөөнөтү 1 сааттан 2 саатка чейин созулуп, баасы 3 миң сомду түзгөн.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Т. жана Т.у.Б. аттуу жарандар аталган кылмышка катыштыгы бар деп шектелип кармалышкан. Коронавирус пандемиясында бул мыйзамсыз аракеттер Кыргыз өлкөсүндө жана башка өлкөлөрдө курчуп турган санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды бузат, ошондой эле калктын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирет", - деп жазылат маалыматта.

Учурда бул кылмышка шектелген башка жарандар жана медициналык мекемелерди аныктоого багытталган иш-чаралар жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: