super.kg logo
  Спорт  

Кумар Жалиев, кикбоксчу: “Спортчулар алдамчылардын айынан Дүйнө чемпиондугуна катышпай калышты, бирок буга Александр Воиновдун күнөөсү жок”

 

Кикбокс боюнча Бразилияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна алдамчылардын айынан катыша албай калган спортчулар КРнын Кикбокс федерациясынын президенти жана башкы машыктыруучу Александр Воиновдун бул чырга тиешеси жоктугун айтышты. Кикбокс боюнча Кыргызстан курама командасынын мүчөсү Кумар Жалиев: "Ар бир спортчу Дүйнө чемпиондугуна барууга керектүү каражатты өзү тапкан. Ал эми Александр Воинов өз чөнтөгүнөн команданын алдынкы 5 спортчусуна каражат төлөп берген. Ошондуктан ал бул жагдайда бардык спортчулардай эле жабыр тартты"- деди. Айтымында, Александр Воинов кикбоксчулар Сталбек Дарканбаев, Кумар Жалиев, Ален Офойо, Айбек Дүйшөмбиев жана Мирлан Ибраимовдорго каражат таап берген. Айта кетсек, учакка билет алынбай калып спортчулар чемпиондукка катыша албай калган эле.  

Кикбоксчу Мирбек Сүйүмбаевдин айтымында, Бразилияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна Кыргызстандан 18 спортчу катышмак. Алардын 12си Кикбокс федерациясына аталган мелдешке катышуу үчүн демөөрчүлөрдүн жардамы менен 3500 доллар чогултуп беришкен, калган 6 спортчуга башкы машыктыруучу Александр Воинов өзү төлөмөк болгон. Чогултулган сумманын ичинде жатакана, авиабилет баары кирет деп айтылган экен. Федерациядан спортчуларга Бишкек-Стамбул-Сан-Паулу багыты боюнча билеттер даярдалганын айткан. Бирок мелдешке аттанар алдында учууга билеттер Бишкектен эмес, Алматыдан алынганы белгилүү болуптур. Александр Воинов болсо каражат тапса барарын айткан.  

Бул чыр тууралуу машыктыруучу Жанбулат Амантаев буларды билдирет: “Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугуна катышуу үчүн 18 спортчунун акчасы федерациянын уюштуруу маселелерин караган катчысына өткөрүлүп берилген. Бишкек-Амстердам-Сан-Паулу багыты боюнча билет кымбат баада болгон. Ошондо машыктыруучулардын бири Талант Сүйүмбаев Бишкек-Стамбул-Сан-Паулу багыты жакшы болорун айтып, ыңгайлуу вариантты табууга жардам берем деген. Ал убакта Александр Воинов команда менен машыгуу сборунда жүргөн,- дейт Амантаев. Ошондой эле спортчуларды алдап койду делинип жаткан Талант Сүйүмбаев жөнүндө машыктыруучу Жанбулат Амантаев: “Ал Жалал-Абад шаарында кикбокс боюнча машыктыруучу болуп иштейт. Өзү кикбокс фанаттарынын бири. Бул жакта анын баласы менин колумда машыгат. Ал спортчулар үчүн билет алууда арзаныраак жолун табам деп алданып калган окшойт. Биз Стамбулга барганда билеттер брондолуп, бирок төлөнгөн эмес экен. Бишкекке келип Талант Сүйүмбаев менен байланышсак кечирим сурап, акчаларды кайтарып берерин айтты. Дүйнө чемпиондугуна катыша албай калганыбыз өкүндүрөт. Анткени кээ бир спортчулар үчүн бул чемпиондук акыркы мүмкүнчүлүк болчу. Бардык спортчулар мыкты спорттук калыбында эле,- дейт.

Эске салсак, кикбокс боюнча Дүйнө чемпиондугу 27-сентябрдан 7-октябрга чейин Бразилияда өтүп жатат.     






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
05.10.2013. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ohhooo
05.10.2013. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Талант Суйумбаевтин баласын албай койсонор керек да ошого силерди да ал алдап салгандыр. Бирок бул жерде териштируу жургузуу керек. Кикбокс боюнча Дуйно чемпиондорун айып кылгандарды жазага тартыш керек.
05.10.2013. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай эле окунучтyу болсо керек.
Модератор admin_superstan түзөттү 07.10.2013 14:26
05.10.2013. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уят, уят иш! Акча учун абийир жегендер! Озум барбай калгандай окунуп жатам...
BORN.kg түзөттү 05.10.2013 11:39
05.10.2013. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошолда жакшы.Болбосо бирди алып алса,дагы олтуруп салышат.
05.10.2013. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекеттин спортчулар менен иши жоктугунун белгиси
05.10.2013. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zverchik, туура айтасын. Бразилияга барып желбиретсе биздин желекти желбиретет эле го. Мамлекетте аткаминерлер оздорунун гана кызыкчылыктарын ойлобой ушундай нерселерге да конул буруп койсо Кыргызстандын аброю международный аренада кыйла жогорулайт беле, мындай корунуштордун болушу ото окунучтуу!!!
05.10.2013. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бечаралар Туркияга чейин барып аражолдо калышыптыр спорчулар,ушуларды окмот озу эле каржылап койсо болмо.
05.10.2013. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акча эмес катышпай калгандары окундурот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: