super.kg logo

Ош шаарында жазуучу Кубатбек Жусубалиевдин чыгармачылык кайрымдуулук кечеси өттү (фото)

 

16-январь күнү Ош шаарында эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин “Сүйүүм менин чымчык болуп сага учат” аттуу чыгармачылык кайрымдуулук кечеси болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, жазуучунун калемдештери, шакирттери, жакын санаалаштары жана туугандары катышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов эл жазуучусунун эмгеги баа жеткис байлык экендигин белгилеп, чыгармаларынын түпкү философиялык мааниси терең экендигин кошумчалады.

"Өткөн кылымдын 60-жылдарынан тартып өз эмгегиңизди, чыгармаларыңызды тартуулап келе жатасыз. Кино жаатында кылган эмгегиңиз чоң. 80 жылдык мааракеңиз кут болсун. Жаралган ар бир чыгармадан ой-толгоо, тарбия жана үлгү аласың. Дагы да чыгармаларыңызды күтөбүз, ден соолукта жүрүңүз", - деди Сарыбашов.

Салтанаттуу иш-чаранын алкагында шаар мэри белектерин тапшырып, акчалай колдоосун көрсөттү.

Кайрымдуулук кечеге келген конокторго классика жана эстрада жылдыздарынын концерттик программасы тартууланып , Кыргызстандын сүрөтчүлөрүнүн жана кол өнөрчүлөрүнүн баа көтөрүү (аукцион) көргөзмөсү уюштурулду.

Кубатбек Жусубалиев менен Клара Юсупжанованын 80 жылдыгына арналган сүрөт-календардын бет ачары болуп, автордун колу менен китептерин сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Уюштуруучулардын айтымында, түшкөн каражаттар Жусубалиевдин жаңы чыгармаларын басып чыгарууга жумшалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: