super.kg logo

Балдарга пособие алуу үчүн кайсы документтер талап кылынат? Адис жооп берет

 

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө көп жылдан бери пособие ала албай жатканын айткан жана аны алууга кандай документтер керек экенин сурап кайрылган жарандардын саны арбын.

Алардын бири Бишкек шаарынын тургуну Нурсулуу Молдожанова. Ал 3 баланын энеси. Бишкек шаарында 10 жылдан бери жашап, балдарына пособие ала албай келет. "Мен 3 баланын энеси болгонума карабай, алардын бирөөнө да пособие албайм. Пособие алууга кандай документтер керек экенин сиздерге сурап кайрылдым", - дейт шаар тургуну.

Мындан улам биз тиешелүү мекемеге кайрылып, окурмандарыбызга жооп алып берүүгө аракет кылдык.

"Балдарга пособие алууда эң биринчи баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, ата-эненин паспорту, нике күбөлүгү жана алардын жумуш менен камсыз болуу тууралуу текшерүүдөн өтүүсү талап кылынат. Эгерде ата-энеси иштесе айлык акысы эсептелинип, ошого жараша балдарга пособие бөлүнөт. Айлык акысы 1000 сомго жетпегендиги аныкталса, пособие берилет. Ал эми жеке унаасы бар болсо, анда балдарга пособие берилбейт. Бишкек шаары боюнча пособиеге тиешелүү документтер боюнча өздөрү жашаган райондорго кайрылуусу керек. Пособие эң биринчи аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилет. Бир балага 810 сомдон эсептелип, 16 жашка чыкканга чейин төлөнөт. Ал эми тоолуу аймактагы үй-бүлөлөр 5 балага чейин болсо, ар бирине 1 миң 215 сомдон төлөнөт", - деп жооп берди эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин адиси Нуржан Алапаева.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
18.01.2021. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Уйундо килемин же жакшыраак телевизорун болсо да бербейт.Пособие алыш учун дырдай жыланач болушун керек.
18.01.2021. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Окмот ущинтип машина дейт иштеген аксасы дейт мисал биздин айылда фурасы бар байларда алат козубуз мн коруп отурабыз менде беш балам бар мен дома хозяйка куйоом эч жерде иштебейт тажиктер мн чектеш жашайбыз границада бизге бербейт нечи бардык бир жаман машинабыз бар ошол шылтак тааныштвры барлар туурлап алып жатат границада жашагандарга женилдик деген эле окмот вапше женилдик жок
18.01.2021. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ноокатта ар бир башындагы айдын акчасын алып анан бутуруп берет акча бербесен 1жылда болсо дагы келбейт, коррупцияга малынып бутушкон бут бардыгы кедей кембагалдын акчаларын жешет коркпой,
18.01.2021. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
4000 мин болобу 2000 мин келеби созсуз ар бир адамдыкын алышат 500 берсен бутуруп беришпейт,аны дагы ар жылы жанылап турушун керек, ушуларды карашса болбойбу?
18.01.2021. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Экөөбуз тең иштебейбиз эки комната үйүбүз терек бар бербей коюшту бизге.Биз терек жей тургансып.
18.01.2021. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азыр ушундай экенго, уйдо кемпир чал бар пенся бар кемпир чалдын озун жумшаган дары дармектери бар дегендей, уй бар уй барболгону мн аны баканын бар, машына анын расходу бар дегендей, эптеп эле бербештин амалы
18.01.2021. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Машина ар бир уйдо бар,жок дегенде бирден.Анда пособияны жок эле кылып салышпайбы.Ким акча берсе самолету болсо да бутуруп,документтерини даярдап ,пособия чыгарбай.Бей-бечара бузулган жигулиси козго корунуп балдарына жолок пул албай отурат.Не деген заманда жашап жатабыз.
24.01.2021. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пособие алуу учун даже бутун байпагын болбош кк.анын да бироосун жоготуп ийуун кк жада калса.пособиеге муктаж эмессин десе олло бай сезип калам да озумду.анткени телевизорум бар .мына саггга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: